Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:26

Т. БАКИР УУЛУ: ЭЛДИН УКУКТАРЫН ЧЕКТӨӨ ЭҢ КОРКУНУЧТУУ


Маектешкен Мээрим Султангазы, Бишкек “Жарандардын тынч, куралсыз чогулуу, митинг, демонстарцияларды эркин өткөрүү жөнүндөгү” өзгөртүлгөн мыйзамга президенттин кол коюшу жарандык коомдо бир топ нааразылык сын-пикирлерди жаратканы маалым. Мына ушул мыйзамдын тегерегинде мурдагы акыйкатчы, “ЭрК” партиясынын лидери Турсунбай Бакир уулу “Азаттыкка” маек куруп берген.

“Азаттык”: - Сиздин партия бул мыйзамды жокко чыгаруу аракетинде Конституциялык сотко кайрылганы жаткан экенсиздер. Сот сиздердин арызды кароодо адилет чечим чыгарат деп ишенесиздерби, саясий чечим чыгарат деген чоочулоо жокпу?

Т. Бакир уулу: - Албетте, Конституциялык сот башка сотторго окшоп азыр өз ишинде аксап калды. Ишенич аз. Бирок биздин максатыбыз бул маселени көтөрүү. Себеби Акаев 14 жыл башкаргандан кийин ушундай маселе коюлганда Конституциялык сот жокко чыгарган эле. Азыр болсо Бакиевдин бийлигине үч жыл болгондо ушул мыйзамсыз маселени көтөрүп, мыйзамдаштырып коюшту. Эң коркунучтуусу бул элдин укуктарын чектөө. Ошон үчүн биз аракет кылып атабыз, Конституциялык сотто карабаса дагы, мүмкүн карабай коюшу да мүмкүн. Бирок коомчулук билсин, бул демократиядан кайра артка кеткен мыйзамдардын бири экенин. Эң негизгиси биз ушул аракеттерибизди бир эле кыргызстандыктар эмес, чет өлкөлүк уюмдарга да, башка өлкөгө да жеткирели деп атабыз. Бардыгы көңүл бурушсун. Эгерде бүгүнкү күнү ушундай мыйзамдарды биз токтотуп койбосок, Грузиядай, же башка өлкөлөрдөй болот. Ошондуктан биздин аракетибиз эскертүү. Бул мыйзамды иштетпей, бул мыйзамды кайра чакыртып алыш керек.

“Азаттык”: - Турсунбай мырза, эгерде сиздердин арызыңыздарды сот кабыл албай, же башкача чечим чыгарса, анда сиздердин кийинки аракетиңиздер кандай болот. Кандайдыр бир чараларды көрөсүздөрбү?

Т. Бакир уулу: - Сабырдуулуктун да чеги болот. Элибиз мына көп нерсеге чыдап, сабырдуулук кылып атат. Бул бийликтин элди мыйзамсыз аракеттерге түрткөн аракети болуп атат. Ошондуктан мен толкундоого түрткү болот го деп ойлойм. Эл карап туруп чыдабай коюшу мүмкүн, канчага чейин бул бийлик мыйзамсыз аракет кылат деп. Ошон үчүн биз бул бийлик акылсыз аракетти кылып атат, элди толкундоого түртүп атат деп ойлойбуз . Эң негизиси буга чет өлкөлүк уюмдар, Кыргызстандагы элчиликтер көңүл бурушу керек.

“Азаттык”: - Эмне себептен президент укук коргоочулардын, эл аралык уюмдардын мыйзамга кол койбоо чакырыктарын эске алган жок?

Т. Бакир уулу: - Эң күлкүлүүсү - бул БУУ кабыл алган Адам укуктарынын жалпы деклорациясынын 60-жылдыгына карата кол коюлган мыйзамга таянып жатканы. Ошол документте жана башка эл аралык документтерде, Кыргызстандын конституциясында адамдардын укуктарын чектөөгө мүмкүнчүлүк бар экен деп. Бул туура эмес. Бул элди калп жолго алып баруу. Ошондуктан биздин партия Конституциялык сотко өзүнүн документтерин даярдап жатат. Кудай буюрса, биз бул мыйзамды жокко чыгарууга аракет кылабыз. Эң негизгиси Аксы окуясын биз анализдеп жатканда мыйзамсыз күч колдонуп, ок атып, адамдар өлүп кетти деп бийликти күнөөлөдүк эле. Эми болсо Бакиев кол койгон мыйзам - Аксы окуясына окшогон окуялар болсо ошону мыйзамдаштырып жатат. Күч колдонууну, ок атууну, мыйзамсыз Данияр Үсөновдун аракеттерин мыйзамга жазып туруп, жалпы максатка колдонобуз деп жатышат.

“Азаттык”: - Бул мыйзамга президенттин кол коюшун айрым талдоочулар бийлик күзүндө болжолдонуп жаткан нааразылык толкунунан кооптонуп, анан кабыл алды деген пикирлерин айтышууда. Сиздин буга көз карашыңыз кандай?

Т. Бакир уулу: - Албетте, эгерде бийлик элдин толкундоолорунан, нааразылык акцияларын уюштуруудан коркпосо, анда бул мыйзамды кабыл албайт эле. Себеби Кыргызстандагы өкмөттүк эмес уюмдар, чет өлкөлүк уюмдар, ОБСЕ - бардык тараптар президент бул мыйзамга кол койбошу керек деп айтышкан. Эми болсо президент кол коюп алып туруп, анан түшкөн бүт сунуштарды биз өкмөткө жөнөттүк, ал кийин сунуш кылат деп. Бул көз боемочулук деп ойлом. Себеби ошол сунуштар түшкүндө эле бул мыйзамга кол коюлбашы керек эле. Эми болсо кол коюлгандай кийин түшкөн сунуштарды эске алабыз деген - бул уяты, бети жоктукка кирет го дейм.

“Азаттык”: - Маегиңизге рахмат.

XS
SM
MD
LG