Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:41

ТҮРМӨДӨГҮ ТОПОЛОҢГО ЭМНЕ СЕБЕП?


Жазгүл Жамангулова, Чүй 14-августа №16 эмгек-түзөтүү абагында саат 20:30 ченде баш-аламандык башталып, анда абактагылар эки тартип коргоо кызматкерин өлтүрүп, бирөөнү жарадар кылып, бир нече кызматкерлерди барымтага алышкан. Ал эми баш-аламандыкты уюштургандардын башчылары Бишкектеги СИЗОго алынып келе жаткан учурда өлтүрүлгөн. Укук коргоочулар бул маселени бир жактуу карабай, мындай баш-аламандыктын чыгышынын себептерин кылдат изилдөө керек экендигин белгилешүүдө.

Түрмөдөгү тополоң Жаза өтөө жайлар башкармалыгынын жана атайын прокуратуранын өзгөчө даярдыктагы отряды тарабынан 15-августка караган түнү саат 1:00 ченде жөнгө салынган. Адилет министринин орун басары Сергей Зубов аталган окуяга байланыштуу бүгүн маалымат каражат өкүлдөрүнө жыйын өткөрүп, абактагы бир нече саатка уланган баш-аламандык учурунда ок атуучу курал колдонулбагандыгын белгиледи:

«Учурда төрт жазалануучу кечээ түндө болгон окуяны моюндарына алышты. Алар чынында эле Кадырбек Абдышев тартип сакчыларын өлтүргөн деп көрсөтмө беришүүдө. Азыр тергөө иштери жүрүп жатат. Алардын бир туугандары жана жакындары кан жутуп кала берди.»

Беловодскидеги абакта жаза өтөп жаткандардын колунан каза тапкан кичи лейтенант Дуулатбек Аденовдун бул кызматка киришкенине бир жарым гана ай болгон. Ал эми түрмө башчысынын жардамчысы, милициянын майору Сапарбек Жуматаев саналуу жылдардан кийин эс алууга чыкмак.

14-августун түнүндө тартип коргоо кызматкерлерине баш ийүүнү каалабаган кыркка чукул жазалануучу атайын этап менен Беловодскиден Бишкектеги СИЗОго которулган. Ал эми бүгүн алар менен жолугууга уруксат ала албаган укук коргоочу Азиза Абдырасулова буга чейинки окуяларды төмөндөгүдөй белгиледи:

- №16-абакта абал чынында эле өтө татаал. Буга чейин аталган жайда бир нече баш-аламандык болгон. Бир катар укук коргоочулар жаза өтөп жаткандар менен жолуккан учурда алар укуктары тебеленип жатканы туурасында айткан. Жаза өтөө мекемелеринин кызматкерлери тарабынан кемсинтүүгө дуушар болушаарын билдиришкен. Биз ал туурасында тиешелүү тараптарга бир нече ирээт эскертүү менен кайрылганбыз. Ал эми бул окуянын чоо-жайын иликтөөдө бир жактуулуктан качып, жаза өтөп жаткандарды мындай баш-аламандыкка эмне мажбур кылганын иликтөө зарыл.

Жаза өтөө жайларын көзөмөлдөө боюнча атайын прокурор Кубанычбек Мамакеев, "сот жообуна тартылгандардын укугу тебеленип жатат» деген укук коргоочунун пикирине макул эместигин айтат:

- “Буга чейин №16-түзөтүү абагында отургандардын укугу тебеленди деген маселе туурасында атайын иш чаралар көрүлгөн. Атайын мониторинг жүргүзгөнбүз. Бирок абактагы 670 адамдын бири дагы арыз менен кайрылган эмес” –деген прокурор өлкөнүн башка аймактарындагы абактардын баарында кырдаал тынч, жаза өтөп жаткандар тарабынан эч кандай нааразылыктар жок экенин айтты. Ал эми кылмыш дүйнөсүнүн төбөлү атангандардын бири Азиз Батукаевдин №16-түрмөдөгү баш-аламандыкка эч кандай таасири да, тиешеси да болгон эмес.

Ал эми Адилет министринин орун басары Сергей Зубов бул күчөтүлгөн түзөтүү жайында болгон баш-аламандык мурдатан максатталган деген божомолдорду четке какты.

Кечээги баш-аламандыктын уюштуруучулары болгон Эрмек Урманбетов жана Кадырбек Абдышев Бишкектеги СИЗОго алынып келе жаткан жеринен атайын автоунаанын ичинде жаза өтөөчүлөр тарабынан муунтуп өлтүрүлгөн. Мындай маалыматта Жаза өтөө жайларын көзөмөлдөө боюнча атайын прокурор Кубанычбек Мамакеев бүгүнкү өткөн маалымат жыйынында тастыктады.

Беловодскидеги №16-күчөтүлгөн тартиптеги абакта 700гө чукул жаза өтөөчүнүн 46сы өлүм жазасына чегерилгендер. Бул окуяга байланыштуу жалпы эле жаза өтөө жайларына коомчулук өкүлдөрүнүн жана журналисттердин кирүүсүнө убактылуу тыюу салынат.

XS
SM
MD
LG