Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:21

16:20 Жергиликтүү кеңештерге шайлоо убагында Шайлоо Кодексинин 23-беренесин так аткаруу зарыл


Бул маселе бүгүн БШКнын аппарат башчысы Кудайберген Базарбаев Башкы прокуратуранын, Ички иштер министрлигинин, Сот департаментинин жана Жогорку Соттун өкүлдөрү менен өткөргөн кеңешмеде талкууланды. Ага өткөн жылы Жогорку Кеңеш депутаттарын шайлоодо жарандардан түшкөн даттануулар негиз болду. Атуулдар анда добуш берүү учурунда шайлоочулардын кошумча тизмесине көп адамдар жөнү жок киргизилди деп даттанышкан. Шайлоо Кодексинин 23-беренесинин 5-пунктунун талабына ылайык шайлоо комиссиялары шайлоочулардын кошумча тизмесине шайлоочуларды соттун чечими же үзүп алма талондору колунда болгондо гана киргизүүгө укуктуу. Эгер бул талап аткарылбаса шайлоо комиссиялары жоопкер болот. (BD)

XS
SM
MD
LG