Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:47

БАТКЕНДЕГИ КЫРГЫЗ-ТАЖИК СУУ ЧАТАГЫ


Баткен аймагындагы кыргыздар менен тажиктер ортосундагы пикир келишпестик Кыргызстандын Ак-Сай айыл өкмөтү менен Тажикстандын Ворух жамааты чектешкен аймакта орун алды. Бул жолу тажик атуулдары Кыргызстандын аймагына 4 чакырым кирип келишип, түтүктөр менен суу алып кетүүгө аракет кылышкан. Баткен районунун жетекчилиги муну эки мамлекет ортосунда түзүлгөн бир катар келишимдерди бузгандык деп баалоодо. Ошол эле учурда тажик тарап суу курулушу жүргүзүлгөн ал аймактар буга чейин Тажикстан тараптан каралып такталып чыкканын айтышууда.

Баткен райондук акимчилигинин тастыктоосуна таянсак, тажикстандыктардын өткөн жумада башталган мыйзамсыз суу тутүгүн куруу иштери учурда токтотулган. Андан кийин Ворух тажик айылынын отуздай тургуну нараазычылык билдирип, чек ара тилкесинде митингге да чыгышкан. Алардын талабы суу курулуш иштерин улантууга уруксат берүү жана «Тамдык» кыргыз чек ара бекетин алдырып салуу болгон. Мына ушул чатактарды жана түшүнбөстүк маселелерди жоюу максатын көздөп 15-август күнү кечинде Баткен жана Тажикстандын Исфара райондорунун жетекчилери жолугушуу өткөрүштү.

Жолугушууда төрт негизги маселе каралды: мыйзамсыз жүргүзүлүп жаткан эки суу курулушу, «Тамдык» чек ара бекети жана Тажикстандан келчү сууга көз каранды болгон Самаркандек айыл өкмөтүн суу менен камсыздоо. Жолугушууда адегенде эле Тажикстан өкүлдөрү кыргыз чек ара бекетин алып салуу жана Кыргызстандын аймагынан суу алып өткөрүүдөгү тоскоолдуктар негизсиз экенин далилдөөгө аракет жасашты. Тажикстандын Исфара шаар башкармалыгынын төрагасынын орун басары Бахром Бобоевдин пикири боюнча Кыргызстандын чек ара бекети туура эмес жерге орнотулган. Натыйжада дыйканчылык менен алектенген, ары-бери каттаган тажик атуулдарына тоскоолдук туудурууда:

- Силер «Тамдык» постун алып салышыңар керек. Өткөндө мени да тосуп жатышат. А мен болсо өзүмдүн атуулдарымдын иштери менен таанышканы өтүп турушум керек да, же чек ара постун койгуңар келсе анда өзүңөрдүн аймагыңарга койгула, Тажикстандын ичине коюп койбой. Ооба, биз да билебиз бул жерлерди толук такташ керек. Ошондой болсо да бул жерди тажиктер иштетип жатпайбы.

Жолугушууда кыргыз тараптан төрагалык кылган Баткен районунун акими Дастан Ходжаев, кандай гана маселе болбосун, мыйзамдык нормаларга таянып чечүү зарыл деген оюн айтты:

- Чек ара маселелерин биз чече албайбыз. Чек араны жогорто тургандар аныктайт. Анан да, эгер бир объект курганы жатсаңар анда бизге күн мурунтан билдирип коюу зарыл эле. Андан кийин түзүлгөн эки тараптуу келишимдер бар. Анан да силердин оюңар боюнча Тажикстандын жери - бул тажикстандыктар басып алган жердеги кыргыз чек ара бекети. Бул тууралуу эки өлкөнүн чек ара кызматына билдирүү, сунуштарыбызды жөнөтөбүз. Анан эч кимге айтпай-этпей, чек арада курулуш иштерин жүргүзүү албетте, мыйзамсыз көрүнүш.

Эки саатка создуккан кыргыз-тажик райондук деңгээлдеги сүйлөшүүсү негизинен мыйзамдарга жана эки тараптуу келишимдерге таянып иштөө чечимине келишти. Ал эми чек ара бекетине жана Кыргызстандын суу сактагычынан Тажикстанга берилип жаткан суу боюнча расмий сунуш Бишкек менен Дүйшөнбүгө берилмей болду.

Адаттагыдай, бул кезектеги эки тараптуу жолугушуу коомчулукта түрдүү пикир жаратууда. Тажкистандын Ворух айылынын тургуну, дыйкан чарбанын башчысы Вали Нозиров чек арадагы достукка жарака кетирген саясат жана чек арачылар болууда деген ойдо:

- Эки өлкөнүн атуулдары достукта эле жашоого аракет кылабыз. Бирок чек арачылар же кандайдыр бир өкмөттүн буйруктары жөнөкөй калкты кыйнап коюуда. Бизге деле биринчи кезекте суу зарылчылыгы турат. Тажик айылдарында ичүүчү сууну бир нече чакырымдан ташып ичкендер бар. Болгону ошол.

Ал эми Баткен районунун Ак-Сай айылынын тургуну Зайнидин Дубанаев мындай жергиликтүү бийликтердин эки тараптуу жолугушууларынан эч кандай майнап чыкпаганын айтып, маселени чечүүдө бекем эрктүүлүк керектигин билдирди:

- Бүгүнкү жолугушуу-бул эч бир маселе чечпеген кезектеги эле жыйын деп эсептейм. Себеби бүгүнкү күнгө чейин Исфара шаарында эки-үч жолу жолугушуу болду. Бирок тыянаксыз. Бүгүнкү жолугушууда да эч кандай маселе чечилбестен таркап кетишет. Себеби алардын эң керектүү деген адамдары толугу менен келген жок. Жөнөкөй сүйлөшүүлөр менен чечилбейт го деп ойлойм.

XS
SM
MD
LG