Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:01

Америкалык куралдуу күчтөр Ооганстанда ушул жумада алтымыштан ашык талип жоочуларын жок кылды


Америкалык аскердик штаб жана Ооганстандын ички иштер министрлиги тараткан билдирүүдө шаршембиде америкалык аскерлер талип жоочуларынын чабуулуна кабылып, аларга жооп катары сокку уруп 36 козголоңчуну өлтүрүшкөн. Ал эми жума күнү Гелманд вилайетинин Над Али ооданында полициянын көзөмөл бекетин кол салган жоочулардан 23ү жок кылынган. Быйылкы жылы Ооганстанда 2600дөй адам өлтүрүлдү, анын ичинде көпчүлүгү талиптик козголоңчулар экендиги айтылууда.

XS
SM
MD
LG