Он чактысы жарадар. Бейшембиден бери Иракта жан кечтилер жасаган жардыруулардан отуздай адамдын өмүрү кыйылды, алардын көпчүлүгү - зыяратчылар. Кербела шаарында жекшембиде шийилер ыйык санаган имамга багыштап өткөрө турган диний иш чаранын учурунда коопсуздук чараларын камсыз кылуу үчүн болжол менен 40 миңдей аскер жана полициячы иштеп жатканы айтылууда.