Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 16:45

ГРУЗИЯНЫН ОЛИМПИАДАЛЫК КУБАНЫЧЫ ЖЕҢИЛ-ЖЕЛПИ КЕЛБЕДИ


Бардык эле чыгаан спортчулардын көөдөнүндө уялаган мүдөө - качандыр-бир олимпиадалык пьедесталга чыгып, өз улутунун гимнин угуу, байрагын жеңиш символу катары желбиретүү эмеспи. Дал ушул Бээжин Олимпиадасынын ачылыш салтанаты болуп жаткан күнү өз Атажуртуна орусиялык аскерлер басып киргенин уккан грузин спортчулары үчүн Олимпиадада таймашуу алда канча оор болгонун башка спортчулар аңдаар бекен? Айтор, грузин спортчулары оор кырдаалды баштан кечирип жаткан эл-жерине өздөрүнүн спорттук чеберчилиги аркылуу колдоо көрсөтүп жатышты.

Грузиядан 35 атлет Бээжин Олимпиадасына аттанган.

Алар үчүн бул күндөр жаман түш көргөндөй эле болду, алар тээ Ыраакы Чыгышта спорт мөрөйү үчүн таймашып жүргөндө, өз эл-журту, үй-бүлөсү аман-эсен болду бекен? деген суроо мүнөт сайын кыйнаганын айтпа.

Алар оболу дароо Грузияга кайтып келели деп, бирок кайра мелдештерге катыша берүүнү чечишти.

13-августта эки грузин спортчусу Олимпиаданын алтын медалын жеңип алышты.

Дал ошол күнү Грузияда орусиялыктар менен согуштук жаңжалда набыт болгондор үчүн багышталган 3 күндүк аза күтүү башталган эле.

Алтын медал алгандардын бири – грузин балбаны Ираклий Цирекидзе (Irakli Tsirekidze) мырза. Ал дзюдо боюнча 90 килограммдык салмактагы таймашта бардык атаандаштарын жеңип чыкты.

Финалдык таймашта ал орусиялык балбан Иван Першин менен кармашканы тагдырдын бир кермек даамдуу тамашасы болду.

Өз өлкөсүндөгү соңку окуялардан соң, жеңиш аркылуу эл-жеринин көңүлүн көтөргүсү келгенин Ираклий Цирекидзе “Азаттык” менен маегинде жашырган жок.

- Абдан көп киши өзүңдү колдоп жатканын көрсөң, мекендештериңе канчалык кубаныч алып келээриңди туйсаң, албетте, бар күчүңдү жумшайсың да. Мен да ошенттим. Дал ушул кыйын кезеңде элдин жалпы маанайына чакан салымым аркылуу жагымдуу таасир тийгизе алганым үчүн сүйүнүп жатам. Мен абдан аракет кылдым жана акыбетим кайтты.

Ал эми Манучар Квирквелия (Manuchar Kvirkvelia) болсо классикалык (грек-рим) күрөшүндө алтын медалга жетти.

74 кг салмактагылардын таймашына катышкан бул балбан көөдөнүндө буркан-шаркан түшүп кайнаган сезимин “Азаттыктын” угармандарынан жашыра алган жок:

- Биз жеңишибиз аркылуу өз өлкөбүзгө сыймык алып чектелген жокпуз, ошол эле учурда, эгерде атажуртуңда тынчтык болбой жатса, Олимпиада чемпиону болгонуң деле кубаныч алып келбей турганын өзүбүз үчүн айгинеледик. Муну биз айтканга деле муктаждык болбоду, баары тең аны жүзүбүздөн көрүп турушту. Олимпиададан тезирээк кетүү жаатын алсак, тезирээк үйгө кайтууну самаган киши менмин – ушул тапта жубайым биздин экинчи чүрпөбүздү көз жаруунун алдында турат.


Бул эки балбан – Цирекидзе менен Квирквелия мырзалар - өз алтын медалдарын алып жаткан саамда колдоруна аза күтүүнүн символу болгон тасманы да кармап турушту.

Туурасын айтса, медал албай калган грузин атлеттери үчүн деле үйгө кетип калбастан ат салышкандын өзү чоң мөрөй болду.

Грузиянын Биринчи айымы, президент Михаил Саакашвилинин теги голландиялык жубайы Сандра Руловс (Sandra Roelofs) Олимпиада оюндарынын ачылыш салтанатына катышып жатып, өз оюнчуларына Орусиянын аскерлери Грузияга басып киргенин алгачкылардан болуп кабарлаган.

Сандра Руловс айым “Азаттыкка” грузин тилинде мындай деп айтты:

- Эч ким бул жерде калгысы келбегени анык болчу. Грузин спортчуларынын тобунун айрымдарынын жарадар болгон же ал түгүл өмүрүнөн ажыраган жакындары бар эле. Ар кимдин санаасы өз үй-бүлөсү, өз өлкөсү тууралуу болду. Менимче, бул табигый чечим болчу. Менин күйөөм да делегациябыздагы дал ушундай алгачкы маанай тууралуу кабардар кылынды.


Чынында да бул - өтө оор маселе болчу. Грузин спортчуларынын үчөө Гори шаарынан эле. Дал ошол 8-август күнү Гори шаарын орус аскер учактары бомбалаган.

Грузин Улуттук Олимпиада комитетинин төрагасы Гоги Топадзе (Gogi Topadze) өз спортчуларынын үйгө кайтуу маанайы тууралуу Эл аралык Олимпиада Комитетинин президенти Жак Рогге (Jacques Rogge) мырзага айтканда, ал бул ойдон грузин спортчуларын айнытып, эгерде Бээжин оюндарын таштап кетишсе, анда 2012-жылкы Лондон Олимпиадасына катышуу грузиндер үчүн татаал түйшүк болоорун эскерткен.

Акыры грузин спортчулары олимпиадалык таймашка катышуу чечимине келишти.

Айтмакчы, алар соңку согуш жаңжалы менен орусиялык спортчуларга карата достук мамилени чаташтырышкан жок.

Маселен, грузиялык көзгө атаар мерген Нино Салуквадзе (Nino Salukvadze) айым коло медалын утуп алды. Күмүш медал ээси катары андан жогорураак тепкичке орусиялык аткыч Наталья Падерина чыкты. Сыйлык колдоруна тийгенде, Нино менен Наталья бири-бирин кучактап өптү, алардын үстүндө орус жана грузин байрактары жанашып желбиреп турду.

Саясатчылар жана аскерлер тирешип жаткан эки тарыхый алакалаш өлкө үчүн бул эки спортчу айым өздөрүнүн бейпилдикке умтулган жекече жеңишин камсыз кылышты.
XS
SM
MD
LG