Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:22

Сербия Косоводогу полициянын милдеттерин Улуттар Уюмунан Евробиримдикке өткөрүп берүүнү “ката” деп эсептейт


Бул тууралуу Сербиянын тышкы иштер министри Вук Еремич билдирди. Министрдин айтымында, мындай чечим расмий Белграддын жана Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңешинин уруксаты жок кабыл алынган. Евробиримдиктин тартипти камсыз кылуу миссиясы 2 200 полициячыдан турат. Расмий Белград мындан сырткары Гаагадагы эл аралык сотко кайрылып, Косовонун бир тараптуу эгемендүүлүгүн жарыялашына каршы арыз жолдой турганын билдирди. Орусиянын Белграддагы элчиси буга байланыштуу арызды түзүүгө Сербияга жардамчы болууга даярдыгын айтты.

XS
SM
MD
LG