Неримамов районунун прокурорунун басма сөз өкүлү Расин Гурбановдун “Азаттыкка” маалымдашынча жардырууга кол граната себеп болгон. Жардыруу орун алган мечит 1990-жылдары Кувейттин каржылоосу менен курулган жана вахабиттер кыймылы менен байланышы болгону айтылып келген.
Азербайжандын борбору Бакыдагы мечиттердин биринде орун алган жардыруудан эки адам мерт кетип, дагы тогуз адам жаракат алды