Бул тууралуу “Азаттыкка” парламент төрагасынын маалымат катчысы кабарлады. Билдирүүгө ылайык төрага Айтибай Тагаев Ош шаарын, Карасуу, Араван жана Өзгөн райондорун кыдырып, жер титирөөдөн жабыркагандардын абалы менен таанышат. Парламент спикери мындан тышкары жергиликтүү тургундардын абалы жана мектептердин жаңы окуу жылына даярдыгы менен таанышат.(ZKo)