Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:35

КЫРГЫЗСТАНДЫК ЭРКИН КҮРӨШЧҮЛӨР БЭЭЖИНГЕ КЕЛИШТИ


Баяндаган Кабыл Макеш, Бээжин Бээжин олимпиадасында күн өткөн сайын таймаштар курч мүнөздө өтүп жатат. 17-августта кыргызстандык спорт күйөрмандарынын үмүтүн жандырган эркин күрөш балбандары Бишкектен Бээжинге келишти. Алар эркин күрөш боюнча Азия чемпиондору Базар Базаргуруев, Алексей Крупняков жана Сидней Олимпиадасынын күмүш байге ээси Арсен Гитинов Бээжинде өлкө намысын коргошот.

Бүгүн (18-август) Азия чемпиону, Дүйнө чемпионатынын коло медаль ээси Базар Базаргуруев тазага түшүп, чучукулак кармоо менен атаандаштары аныкталды. 19-августта бул спортчу 60 кг. салмактагы балбандар менен мөөрөй талашууга чыгат.

Сидней Олимпиадасынын (2000) күмүш байге ээси, бул ирээт да көптү үмүттөндүргөн балбан Арсен Гитинов 20-августта килемге чыгат.

Дагы бир Азия чемпиону 30 жаштагы Алексей Крупняков болсо 21-августта таймашка чыгат.

Спорт ардагери, бокс федерациясынын ардактуу президенти Райкан Алканов дагы кыргызстандык cпортчуларды сүрөөгө Бээжинге келген. Ага микрофон узаттым:

Райкан мырза, олипиадалык оюндар кандай деңгээлде өтүп атат, кандай таймаштарга күбө болуп атасыз?

- Олимпиада аябай жакшы өтүп атат. Кудай буюрса бир коло, бир күмүш медалга ээ болдук. Дагыэркин күрөшкө чыга турган үч балбаныбыз келди. Эртеңден баштап алар дагы таймашка чыгат. Азыр жеңил атлетикага тезирээк барып көрүп калалы деп шашып атабыз. Жакшылыкты күтөбүз. Дагы медаль алабыз деген үмүт бар. Аман болгула, биз медалдуу келели, силер күтүп тургула.
XS
SM
MD
LG