Социалдык төлөмдөр кыргыз өкмөтүнүн токтомуна ылайык 1948-жылга чейин туулган аманатчыларга берилет. “Рентон-Групптун” аманатчыларына берилүүчү социалдык төлөмдөр “Кыргызөнөржайкурулуш” банкында жүргүзүлөт. Бул тууралуу каржы министрлиги маалымдады.
Башында Эдуард Пак турган “Рентон-Групп” каржылык пирамидасына төрт -беш жыл мурда 2 миңден ашуун киши 187 млн сомго алданган. Алардын көпчүлүгү пенсионерлер. Бишкек шаардык сотунун үстүбүздөгү жылдын 18-мартында чыгарган чечими боюнча Эдуард Пак 10 жылга эркинен ажыратылып, 30 миң сом айып пул төлөөгө милдеттендирилген жана ага таандык үй-мүлк мамлекетке алынган.(ZKo)