Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:09

КАЙРАН АСЫЛБЕК АГА!


Жумшак юморго ширелген аңгемелери, айтылуу “Кыргызстан маданияты” жумалыгында жарыяланган кара сөзү менен жумурай журтуна таанымал жазуучу, журналист, публистчи Асылбек Исмаилов о дүйнө салды.

Кайран Асылбек ага тууралуу кеп кылаарда кыргыз маданияты менен адабиятына атан төөдөй кызмат өтөгөн айтылуу “Кыргызстан” маданияты жумалыгы эске түшөт. Асылбек Исмаилов ага ушул гезитте иштөөчү. Жумшак юморлуу аңгемелерин, очерктерин мына ушул жумалыкка жарыялап, аларынын бир тобун кийин 1986-жылы “Чабалекей” жыйнагына чыгарган.

Чыгармачылыкка өтө сараң мамиле жасаган, бирок адамгерчиликке келгенде кишинин көңүлүн оорутпаган атына заты жарашкан азамат эле. Анысын студент кезде байма-бай каттап турчу “Кыргызстан маданияты” гезитинин редакциясына барганда байкап калар элек.

Айтылуу гезитте Асылбек ага менен чогуу иштешкен кесиптеши жазуучу Ильгиз Талип кайгылуу кабарды жаңы эле угуп, кабыргасы кайышып отурганын билдирип, маркумду мындайча эскерди.

- Жакын көргөн иним дүйнө салыптыр. Мен Асылбек менен “Кыргызстан маданияты” жумалыгында биртоп жыл иштешип калдым. Өзү пейили жумшак, өтө кичипейил, анан мээнеткеч жигит эле. Качан көрсөң башын көтөрбөй кагазга бирдемелерди жазып отурчу. Анысы бир татынакай кыска, сатиралык аңгеме боло турган. Өзү ошо миниатюралуу кыска аңгемелердин накта устаты эле. Оригинал сюжеттерди таап, анысын жакшынакай аңгемелерге айлантчу. Тили да көркөм, жазучулук калеми төшөлүп калганын айгинелеп турчу. Анан ал адамдын артынан кеп илээштирип, тиги-буга көө жаап, жаманатты кылчу сапаттардан таптакыр оолак болчу. Кызматтан кийин да столдо отуруп чыгармаларын чийине жеткирип иштеп жатканын көрө тургам.

“Кыргызстан маданияты” гезитинин сын бөлүмүндө иштеген айтылуу акын, адабиячы Сүйөркул Тургунбаевдин эскерүүсү.

- Күчтүү аңгемелерди жазчу. Адамды сыйлаган ак көңүл жигит эле. Бир мүнөз, атына заты жарашкан жигит эле. Чыгармаларын көп жарыялабады. Абдан кылдат иштелген аңгемелери бар эле. Алардын бир тобун убагында “Кыргызстан маданиятына” чыгарганбыз.

Асылбек ага чыгармачылыктан тышкары коомдук иштерге активдүү катышкан, өз позициясын жашырбай айткан азамат эле. Анысын мурунку-кийинки бийликтин каарына кабылган оппозиция, бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрүн колдогон кеп-сөзүнөн, жалпы эл алдында жарыя кылган макалаларынан байкап жүрчүбүз.

Бул турмушта жупуну жашап, абийирин таза туткан, ыйманын бекем кармаган ак жүрөк агабыздын бу жалганды таштап кетиши аны билгендердин, өткөн кылымдын 70-80 –жылдарында тоо дайрасында ташкындаган кыргыз адабияты, “Кыргызстан маданияты” болуп-толуп турганда ал ишке азыноолок аралашып калгандардын эсинен кетпес.

Эмне дейбиз, маркумдун жаткан жери жайлуу болсун! Артында калган өмүрлүк жары Төлөйкан эжеге кайрат кылыңыз дегенден башка айтар, жубатаар сөз да жок болуп калат экен мындайда.

XS
SM
MD
LG