“Азаттык”: - Серпиль айым, Кытайга барган сапарыңыздын максаты эмне болду?
Элчи Алпман: - Өзүңүздөр билгендей эле Кытайдын Кыргызстанга чектеш болгон жерлери менен тарыхый жана маданий жактан окшоштуктарыбыз көп. Менин сапарым тарыхый жана маданий кызыгуум арткандыктан ошол жерлерди өзүм барып көрүп келдим.
“Азаттык”: - Тарыхый жана маданий кызыгуу демекчи, Кыргызстан туризмди өнүктүрүүгө кыйла аракет жасоодо. Сиздин баамда учурда бул тармактын жагдайы кандай абалда?
Элчи Алпман: - Кыргызстанда туризм өнүгүп жатат. Бирок ошол өнүгүүнү дана өркүндөтүү үчүн биринчиден, Кыргызстанга келген меймандар токтой турган мейманканалар, аларга таза тамак-аш, таза жай, көңүл ачуучу ар кандай жайларды куруп берип, туристерди тейлөөдө жакшы мамиле жасоого жетишүү керек. Анан материалдык жактан иш-чараларды аткара турган кандайдыр бир инвестиция тартуу керек. Кыргызстан табигый жактан өтө кооз өлкө. Мен бул чейин көп жерлерге бардым. Бирок түштүк тарапка өтө элекмин. Бүгүн Нарынга келдим, бирок аба ырайына байланыштуу шашылыш болуп калгандыктан көп жерлерди көрө албадым. Кыргызстан табигый жактан тоолору, жаратылышы өтө сонун. Бул туризмге өтө ыңгайлуу шарт түзүп берет.
“Азаттык”: - Кыргызстанда октябрь айында жергиликтүү Кеңештерге шайлоолор өтөөрү белгиленди. Бул өнөктүккө өлкөдөгү саясий партиялар кандай катышат деп эсептейсиз?
Элчи Алпман: - Кыргызстандын партиялары саясий жактан өнүгөт. Түркиядагы саясий партиялар азыркы абалына оңой-олтоң жетип алган жери жок. Кыргызстандын саясий партиялары да өнүгүп жатат деп айта алам. Убакыт менен булар дагы жакшы абалга келет.
“Азаттык”: - Расмий бийлик Кыргызстандын экономикалык абалы өсүп бара жаткандыгын белгилесе, бир катар коомдук уюмдар экономика эңшерилип бара жаткандыгын айтышууда. Сиздин пикириңиз кандай?
Элчи Алпман: - Кыргызстандын экономикасы өнүгүүдө. Бирок бул жерде менин жеке пикирим, өтө кунт коюп маани бере турган маселелер бар. Азык-түлүктүн, күйүүчү майдын кымбатоосунун натыйжасында жол кирелер кымбаттап, анын табигый жыйынтыгы катары электр энергия кымбаттап жатат. Албетте, бул бир гана Кыргызстанда эмес, жалпы дүйнөдө болгондуктан бүтүн калган тармактарга да маани берип, өтө өзгөчө абал жаратып жаткандыгы ачык. Албетте, бул кыйынчылыктарды улуттук экономикага жакшы көңүл буруу менен Кыргызстан жеңип кетсе болот.
“Азаттык”: - Маегиңизге рахмат.