Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:36

18:10 Ысык-Көлдө аба ырайынын кескин өзгөрүшүнөн жайкы эс алуу мөөнөтү мурда аякташы күтүлүүдө


Акыркы он күндөгү жамгырдан улам Ысык-Көлдөгү эс алуучулар кескин азайды. Көлгө келгендер кайра кетип жатат. Чолпон-Ата шаарындагы метеорологиялык борбордун маалыматы боюнча көл суусунун жылуулугу 7-9 градуска төмөндөдү. Ал өткөн жылы суунун эң жогорку температурасы 26га чейин жетсе, быйыл болсо 23 градуска гана көрсөткөн. Климаттын мындай кескин өзгөрүүсүнөн учурда көл жээгинде сасык тумоо менен ооругандар көбөйдү. Бирок үй-бүлөлүк дарыгерлер борбрунун башчысы Гүлайым Жээнбаева, сыркоологондор сезондо иштеп калалы деп атып, дарыгерлерге кайрылбагандыктан тамак оору жайылып атканын ырастады. Быйыл жайкы эс алуу эрте аяктаары айтылууда. (RB)

XS
SM
MD
LG