Оштогу №5 эмгек түзөтүү жайынын башчысы Галбай Пратов «Азаттыкка» билдиргенине караганда, Өзбекстандын жараны Эркин Холиков Сузак районунун аймагында кыргыз-өзбек чек арасын мыйзамсыз түрдө кесип өткөн деген күнөө менен ушу жылдын 6-мартында төрт жылга кесилген. Кийинчерээк Жалал-Абаттан Оштогу түрмөгө которулган. Абак жетекчиси Адилет министрлигинин жаза өтөө башкармалыгынын атайын тапшырмасы менен 14-майда айыбын өтөп жаткан Холиковду Өзбекстандын Каршы шаарынан келген милиция кызматкерлеринин колуна тапшырган. Пратовдун маалыматына ылайык Холиковдун 2005-жылдын 13-майындагы Анжиян окуясына тиешеси жок, бирок ал башка иштер боюнча кылмышка тартылуусу мүмкүн:
- Бул киши мурун Өзбекстандын укук коргоо органдары тарабынан изделип жүргөн экен. Эгерде Анжиян окуясына байланыштуу болгондо анжияндыктар алып кетиш керек эле да. Азыр Кашка-Дарыя облусунан келип Каршы шаарына алып кетишти.
Оштогу «Луч Соломона» бейөкмөт уюмунун башчысы Садыкжан Махмудов белгилегендей, эл аралык нормаларга ылайык зордук-зомбулук өкүм сүргөн Өзбекстан сыяктуу өлкөлөргө жарандар кайтарылбастан, тескерисинче Кыргызстанда баш калкалап турууна шарт түзүлүшү керек эле:
- Менин билишимче, Холиков өмүрүнө коркунуч туулгандыктан качкын макамын сурап Кыргызстандын миграция комитетине кайрылган. Тилекке каршы, маселе карала электе биздин бийлик аны Өзбекстанга кайтарып чоң жаңылыштык кетирди. Угушубузга караганда , Эркинге жалган айыптарды тагып, түрмөгө салышкан, ошо бойдон дайынсыз. А мындай тагдырга тушуккан өзбекстандыктардын так эсеби жок, бирок алардын саны улам көбөйүп жаткандыгы талашсыз.
Кыргызстандын Башкы прокуратурасынын эл аралык байланыштарды камсыздоо башкармалыгынын башчысы Эмил Алымовдун айтымында, Өзбекстандын прокуратурасы Эркин Холиковду өткөрүп берүү өтүнүчү менен сотко чейин жана эркинен ажыратылгандан кийин да расмий кайрылган. Ошондуктан, эл аралык келишимдерге ылайык Холиковду өз Мекенине өткөрүп берүүгө Кыргызстан март айында эле макулдугун берген:
- Сот өкүмү күчүнө келгенде кайра бизге кайрылды. Ошондон кийин биз кылмышкерлерди өткөрүп берүү боюнча конвенцияларга ылайык жана ал Өзбекстандын атуулу болгондуктан макулдук бергенбиз.
Жергиликтүү серепчи Санжар Тажиматовдун пикиринче, Кыргызстан эл аралык милдеттенмелерин ушинтип аткарбай коюуга ыктаса, дүйнөлүк аброю улам ылдыйлаары шексиз:
- БУУнун Качкындар боюнча атайын конвенциясына Кыргызстан кошулган да. Ошондуктан эгер ушундайга жол Бере берсе Кыргызстандын эл аралык аброюу төмөн түшөт.