Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:18

НАТО өлкөлөрү Орусияны өз аскерин Грузиядан чыгарып кетүү убадасын аткарууга чакырууда


НАТОнун тышкы иштер министрлери Орусиянын Грузиянын аймагында жүргүзгөн согуштук өнөктүгүн талкуулоо үчүн Брюсселде чукул жыйын башташты. Жыйындын башында Улуу Британиянын тышкы иштер министри Дэвид Милибэнд (David Miliband) бул жолугушуунун максаты НАТОнун Грузияга болгон колдоосун көрсөтүү экенин ачык эле айтты. Бирок ал ошол эле учурда Орусияны дипломатиялык жактан обочодо калтырууга каршы экенин билдирди. Германиянын тышкы иштер министри Франк-Вальтер Штайнмайер (Frank-Walter Steinmeier) Орусияны аскерлерин Грузиянын чордондук аймагынан толук алып чыгып кетүүгө чакырды. Бул жыйын болор алдында АКШнын Мамлекеттик катчысы Кондолиза Райс Батыш өлкөлөрү Орусиянын Грузияга кол салуусунун аркасында жетиши ыктымал болгон ар кандай стратегиялык жеңишинен кол жуудурушу зарыл деп баса белгилеген болчу.

XS
SM
MD
LG