Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:52

НАТО Орусиядан аскерлерин Грузиядан чыгарып кетүүнү талап кылды


Брүсселде НАТОго мүчө өлкөлөрдүн тышкы иштер министри чукул жыйын өткөрүп, Орусия менен Грузиянын жаңжалын талкуулашты жана эгерде Орусия Грузиядан өз аскерлерин чыгарып кетпесе, анда НАТО менен Грузиянын алакаларына доо кетээрин эскертишти. Андан соң НАТОнун Баш катчысы Йаап де Хооп Схеффер (Jaap de Hoop Scheffer) маалымат жыйынын өткөрүп, ушул тапта Орусия Европа Биримдигинин арачылыгы менен түзүлгөн жана президент Дмитрий Медведев кол койгон ок атышууларды токтотуу тууралуу келишимди аткарбай жатканын белгиледи.
26 мүчө өлкөсү бар НАТО атайын НАТО менен Грузиянын алакаларын андан ары чыңдай турган НАТО-Грузия комиссиясын түзүү тууралуу чечим кылды. Ал эми де Хооп Схеффердин айтымында, азыркы кырдаалда НАТО-Орусия Кеңеши деп аталчу атайын форумду чакыруунун эч кажети жок. Бирок Орусия менен НАТОнун алакалары таптакыр үзүлбөй тургандыгын да де Хооп Схеффер кошумчалады.

XS
SM
MD
LG