Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:58

НАРЫН: АЧКАЧЫЛЫК ЖАРЫЯЛАГАНДАРДЫН ДЕН-СООЛУКТАРЫ НАЧАРЛООДО


14-августан бери Нарын шаарында И.Кадырбековдун тарапташтары мөөнөтсүз ачкачылык акциясын улантышууда. Алардын ичинен бешөө ден-соолуктарына байланыштуу айрымдары ооруканада, айрымдары үйлөрүндө дарыланып жатышат. Кечээ (18-август) төрт күндөн бери ачка отургандардын бири Канайым Бердибаеванын ден-соолугу кескин начарлаганына байланыштуу тез жардам алып кеткен. Жергиликтүү укук коргоочулардын айтымында, аны ооруканага жаткыруу бир топ түйшүктүү болгон.

18-августа ачкачылык акциясынын бир катышуучусу Канайым Бердибаеванын ден-соолугу кечки саат 6ларга чукул начарлап тез жардам чакыртылган. Аны менен кошо ооруканага кеткен «Кылым шамы» адам укугун коргоо борборунун Нарын облусундагы өкүлү Урмат Акуновдун айтымында, оорулууга дээрлик бир сааттан ашык эч жардам көрсөтүлгөн эмес:

- Канайым Бердибаеваны алып барганыбызда урология бөлүмүнө жөнөтүшкөн. Ал бөлүмдүн врачы Айбек Идирисов келип текшерип, бул бөлүмгө караштуу оору эмес дегенден кийин кайра тез жардам унаасын чакыртып ызы-чуу менен терапияга алып бардык.

Кечээ (19-август) ачкачылык кармап отургандардын дагы бири Жумабүбү Табылдиева эсин жоготуп тез жардам чакырылган. Аны менен чогуу отургандардын бири Асыл Жаманова дагы Жумабүбү Табылдиеванын абалы начарлап баратканын тастыктады:

- Жумабүбү Табылдиева да түнкүсүн уктаган жок, күндөн күнгө ахыбалы жаман. Азыр эсин жоготуп тез жардам чакырттык. Бирок тез жардамдын врачы кабыл алабы, албайбы кеңешели деп турат.

Тез жардамдын дарыгери Нурбүбү Токтогулова ачкачылык жарыялап отургандардын абалы жакшы эместигин айтты:

- « Чакырык менен келип үч адамдын кан басымын текшердик. Баардыгынын эле абалы жакшы эмес» - деген дарыгер нааразылыктын катышуучуларын тез жардам ооруканага жеткирбей жатат дегенге макул эмес: - «Жок анткен деле жокпуз. Дары-дармек жазып берип кетели дегенбиз. Бирок алып барып жаткырууга туура келип жатат. Азыр алып барып терапияга жаткырабыз.»

Ал эми абалы начарлаган Жумабүбү Табылдиева ооруканага барууга каршы болуп, аны себебин мындайча түшүндүрдү:

- Барууга деле жооп болбой жатпайбы, мэриядан бүгүн киши келген жок, ал-ахыбалыбызды сураган жок, бийликтен жооп болмоюнча эч кайда барбайм.

Ага карабастан башка ачкачылык жарыялагандар, дарыгерлер Жумагүл Табылдиеваны ооруканага барууга көндүрүүгө аракет жасашты. Тез жардам аны алып кеткенден бир аздан кийин экинчи тез жардамдын дарыгерлери менен шаардын вице-мэри Чынара Абдраимакунова келишти.

Ачкачылык акциянын катышуучуларынын дарыгерлер келбей жатат деген дооматына Нарын облустук үй бүлөлүк медициналык дарыгерлер тобунун директорунун орун басары Айнагүл Бектурсунова:
- «Эки дарыгерди атайын булар үчүн приказ менен бошотконбуз, Асыл Жаманованын ден-соолугу начарлап жатат күндөн күнгө» - деп жооп берди.

Атайын бөлүнгөн дарыгер Жаркын Дүйшеева болсо Жумабүбү Бектурсунова түшкө чейин ооруканага келбегенине нааразы болуп, эми эки дарыгер ачкачылык жарыялагандардын жанына нөөмөткө тураарын билдирди:

- Ушул чөлкөмдүн эки дарыгери таң аткыча дежурстводо турушат.

Нарын шаарынын вице-мэри Чынара Абдраимакунова жергиликтүү бийлик көңүл бурбай жатат дегенди төгүндөдү:

- Бул туура эмес маалымат. Жергиликтүү бийлик шаардын тургундарынын абалына абдан кызыкдарбыз. Албетте, ден-соолуктарына да тынчсызданып карап жатабыз.

XS
SM
MD
LG