Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:38

20-АВГУСТ: ТАРЫХ БАРАКТАРЫ


Бийликке каршы көтөрүлгөн кыргыздардын чакан колу 1916-жылдын 20-августтунда Чүй суусун бойлоп Токмок шаарына киришкен. Алматылык көркөм фильм студиясы биринчи кыргыз улуттук кинотасмасы «Манастын уулу Семетей» аттуу кинофильмди тартыш үчүн 1945-жылдын бу күндөрү Фрунзе шаарына келген.

Падышалык бийликке каршы көтөрүлгөн кыргыздардын 1916-жылкы күрөшү, Ысыккөл аймагында айрыкча айыгышкан мүнөздө өткөн. Кыргыз козголоңчуларынын Сазановка, Покровка кыштактарына жасаган тынымсыз чапкыны, орус тургундарынын жашоосуна жана мал, мүлкүнө реалдуу коркунуч туудурган. Жергиликтүү орус бийлиги орус кыштактарын сактап калуу максатында колдо бар аскер күчтөрүн жиберишип, болбосо аскерди сырттан чакыртышкан. «Семиреченская жизнь» гезитинин жазганына караганда хорунжий Угринов баштаган аскерлер 1916-жылдын 19нан 20-августка карган күнү Пржевальк шаарын коргоого келген. Жетисуу аскер губернаторунун буйругуна ылайык Кравченко Яркенттен чакырылып, ал да ушул эле күнү Каркыра аркылуу Пржевальск шаарына кирген.

Бийликке каршы көтөрүлгөн кыргыздардын чакан колу 1916-жылдын 20-августтунда Чүй суусун бойлоп Токмок шаарына кирген. Казак орустардын аскер взводу аларды астынан тосуп, шаардын чет жакасына сүрүп чыгарган. Шаардын айрым точкалараында жөө аскерлер менен пулеметтук күчтөр колдонулган. Кыргыздардын айрым бөлүктөрү Соловьевканын башкы көчөсүнө чыгышкан. Күбөгө тартылган айрым адамдардын көрсөтмөсүнө караганда, кол салган кыргыз колу кеминде 3000 кишиге жеткен.

Токмок шаарына казак орустар менен пулеметчулардын командасы киргизилгенден тарта, кыргыздардын кол салуусу Покровка кыштагына ооп, ал туруктуу мүнөз ала баштаган. Чабуул койгондор кыштактын түнтүк тарабындагы саздак аймактан аракет көрүшүп, орус дыйкандары Покровканын көчө башына баррикадаларды курууга киришкен.

Алматылык көркөм фильм студиясы биринчи кыргыз улуттук кинотасмасы «Манастын уулу Семетей» аттуу кинофильмди тартыш үчүн 1945-жылдын бу күндөрү Фрунзе шаарына келген. «Манастын уулу Семетей» фильмдин сценарийин К. Исаев менен Ж. Бөкнбаевдер жазышышкан. Фильмдин масштабы жана чыгымы буга чейин Советтер Союзунда тартылган «Иван Грозный» менен «Георгий Саакадзе» тасмаларына теңелип, анын массовкасына эле миңдеген кишилердин катышышы белгиленген.

Бу күнү, 1932-жылы жазуучу жана котормочу Бакай Сексенбаев жарык дүйнөгө келсе, 1976-жылы акын Үсөнкул Жумабаев дүйнөдөн өткөн.
XS
SM
MD
LG