Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:57

«ҮМҮТТҮН ЭЛЧИСИ» ИРАНДА СҮЙҮНҮЧ, БАТЫШТА КООГА ЖАРАТТЫ


Амирбек Усманов, Прага Тегеран 17-августа сателлит-жандоочуну орбитага алып чыга алчу ракетаны сынаганын жарыя кылды. Ракета «Сафир-е Үмид» же «Үмүттүн элчиси» деп аталат. Бул кабар Иран менен Батыш ортосундагы карама-каршылыкты дагы курчутушу ыктымал. Себеби, Вашингтон жаңы ракетанын технологиясын Иран аскерий максатта колдонушу мүмкүн деп кооптонсо, айрым серепчилер Иран ашыкча мактанып жатат деп боолголошот.

Иран өкмөттүн телеканалынын маалымдашынча, «Үмүттүн элчиси» деп аталган ракета «жеңил жандоочуну орбитанын төмөнкү катмарына» же Жерден 250-500 чакырым бийикке алып чыга алат. Сыноого президент Ахмединежад катышты, жакында бардык тетиктери Иранда жасалган жандоочу орбитага учурулат, деп билдирди Коргоо министри Мустафа Мухаммад Нажар.

Ирандын уранды байытуусуна тынчы кеткен Батыш өлкөлөрүн бул кабар ого бетер кыжалаатка салды. Ак Үйдүн өкүлү Гордон Жондроунун сөзүнчө, жаңы ракетаны сыноо Ирандын болочок максаты жөнүндө суроо жаратат.

Франция менен Орусияда «Иран өзөктүк программасын өнүктүрүп жаткан жокпу?» деген шектенүү пайда болгону кабарланды.

Тегерандын Батыш өлкөлөрүнүн талабын четке кагып, уранды байытуу токтобогонуна байланыштуу айрым өлкөлөр Иран атомдук бомбанын үстүнөн иштеп жаткан шекилдүү деп кооптонушууда.

Тегеран тескерисинче, Батышты Ирандын илимий- техникалык жетишкендигин аскерий максатты көздөйт деп каралоонун аракетин кылууда деп санайт. Ирандын түшүндүрүшүнчө, өлкөдө жер титирөөлөр көп болот. Ошондуктан, табигый кырсыктарга байкоо салуу жана телекоммуникацияны өнүктүрүү үчүн орбитада өз жандоочусу болуш керек.

Ирандын космостук агенттигинин башчысы Реза Тагипур 18-августа билдиргенге караганда, өлкө бир нече жандоочу курмакчы. Алардын бири Ислам конференциясы уюмунун акчасына курулуп, аны ислам өлкөлөрү тең орток пайдаланылат.

Кээ бир эл аралык эксперттер Иран илимий- технологиялык жактан анча өнүкпөгөн деп санашат. Канаданын Падышалык аскерий коллежинин профессору, доктор Хасан- Яринин пикиринче, Иранда жандоочу кургандай мүмкүнчүлүгү жок:

-Тегеран ракетаны сыноодон өткөргөндөн кийин жандоочту бул ракетанын жардамы менен орбитага чыгаруу үчүн бир аз убакыт керек деп жарыялады. Бул азыр Иранда Батыш өлкөлөрү пайдаланган технология жок дегенди билдирет. Мурда Ирандын ядролук мүмкүнчүлүгү жөнүндө ушул сыңары сөздөр айтылган. Ошон үчүн Иран жаңы ракетаны сынаса да, азырынча Франция же жалпы эле Евробиримдик, АКШ, атүгүл Израил сыяктуу өлкөлөр менен атаандаша албайт.

Израилдин космостук агенттигинин башчысы Исхак Бен Израелдин оюнча Ирандын жандоочусу же баллистикалык ракетасы эмес, ядролук программасы коркунучтуу. «Иран АКШ жана Израилди ядролук жайларына кол салдырбоо үчүн авиа жана космостук ийгилигин атайлап көбүртүп- жабыртууда. Иран жандоочу курганга чейин али көп бар»- дейт Исхан Бен Израел.

Ошентсе да Иран 2005-жылы Орусияда жасалган жандоочуну орусиялык ракетананын жардамы менен орбитага чыгарганын белгилей кеткен жөн. Быйыл февралда өзү курган ракетаны сынагандан кийин дагы эки жолу ракета сынаса, өзү жасаган жандоочуну космоско учура алаарын жарыя кылган.

XS
SM
MD
LG