Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:07

А.ЖАМАНОВА: АЧКАЧЫЛЫК АКЦИЯСЫН КОЛДОГОНДОР КӨБӨЙҮҮДӨ


Маектешкен Шайырбек Эркин уулу, Бишкек Ушул жылдын апрель айынан бери Бишкектеги убактылуу кармоочу жайда отурган Архитектура жана курулуш боюнча мамлекеттик агенттиктин мурдагы башчысы Ишенбай Кадырбековдун баш коргоо чарасын өзгөртүү талабы менен уюштурулган Нарындагы ачкачылык акциясы уланууда. Ачкачылык жарыялагандардын бири Кадырбековду коргоо боюнча демилгелүү топтун башчысы Асыл Жаманова “Акыйкат үчүн” кыймылынын жыйынына катышуу үчүн Бишкекке келди. Ал бүгүнкү “Азаттыктын” түз обоcунда маек курду.

“Азаттык”: - Ачкачылык акциясында азыр канча киши отурат жана абалыңыздар кандай?

А. Жаманова: -Азыр Нарын шаарында үч адам ачкачылык кармап отурат. Жалпысынан азыр беш адам акцияга катышууда. Биздин акцияны баштаганыбызга жети күн болду. Бирок жети күндөн бери бизге бийлик тараптан эч кандай көңүл бурулбагандыктан бул акциянын дагы бир катышуучусу Токтобай Кадырбеков экөөбүз Бишкекке келдик.

“Азаттык”: - “Акыйкат үчүн” кыймылынын бүгүнкү жыйынында өз талабыңыздар боюнча маселе козгойсуздарбы?

А. Жаманова: - Ооба. Биз атайын ушул жыйынга катышып, бул ачкачылык акциясы тууралуу маалымат берели деген максатка келдик.

“Азаттык”: - Ачкачылык акциясы дагы канча убакытка чейин созулушу мүмкүн, дегеле сиз жетектеген топтун мындан аркы аракети кандай болмокчу?

А. Жаманова: - Акция улана бермекчи. Бүгүн “Акыйкат үчүн” кыймылынын жетекчилери, мүчөлөрү менен жолугушуп, бул маселе боюнча дагы ой-пикир алышып, сүйлөшүүлөрдү жүргүзөбүз. Мындан аркы аракеттерибизди ошондой кийин тактайбыз.

“Азаттык”: - Ачкачылык жарыялаганыңарды жергиликтүү коомчулук кандай кабылдап жатат. Сиздерге башка тараптардан колдоолор болуп жатабы?

А. Жаманова: - Нарын облусунун, анын ичинен Нарын районунун ар кайсы айылдарынан бир канча адамдар бизди колдоорун билдиришүүдө. Алар бизге келип, колдоолорун айтуу менен кол коюп кетип жатышат. Мындай адамдардын саны күндөн-күнгө көбөйүүдө. Буга чейин алты айылдан бизди колдогон кишилер келген болсо, кечээ дагы Казанкуйган айылынан да өкүлдөр келишип, бизди колдоорун билдирип кетишти.

“Азаттык”: - Ачкачылык акциясы башталгандан бери жергиликтүү бийлик тарабынан сиздерге эч кандай көңүл буруу болбодубу?

А. Жаманова: - 14-августтан бери бизге Нарын шаарынын вице-мэри Чынара Абдраимакунова гана келип, кабар алып кетүүдө. Андан башка бийликтен бир адам басып келген жок. Облустук бийликтен болсо бир да көңүл буруу болгон жок. Медицина кызматкерлери абалыбызды көзөмөлдөп турат.

“Азаттык”: - Рахмат, маегиңизге.

XS
SM
MD
LG