Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:10

“КЕРЕМЕТ ҮКӨК”: КЫРГЫЗ КИНО ТАРМАГЫНДАГЫ ЖАҢЫЛЫКТАР


Кыргыз кино айдыңындагы урунтуу окуялардын бири - экинчи эл аралык Ысык-Көл кинофестивалы. Бул фестиваль Октябрь айынын экинчи жарымында өтөөрү күтүлүүдө. “Бул жолку иш-чаранын былтыркы өткөн кинофестивалдан айрымасы программада толук метраждуу тасмалардын арбындыгында”, -деп белгиледи “Кыргызмамкиноконцерндин” вице-президенти Абибила Пазылов.

Анын айтуусунда, бул фестивалдын конкурстук программасына дүйнөнүн ондон ашык мамлекетинен кинофильмдер келип түшкөн.
Конкурстук тасмалардын деңгээлин белгилүү кинорежиссер Жалил Сооданбек башында турган тандоо комиссиясы аныктайт. Белгилей кетүүчү нерсе - кароого келген тасмалардын ичинде таанымал режиссерлордун эмгектери бар экендигин Абибила Пазылов билдирди.

Экинчи Ысык-көл кинофестивалынын конкурстук программасына толук, кыска метраждуу көркөм жана даректүү фильмдер үч номинация боюнча кабыл алынууда. Ал эми кыргыз тасмаларынан азырынча Асан Айтикеевдин “Той” кыска метраждуу фильми, Темир Бирназаровдун толук метраждуу “Белгисиз багыт” тасмасы жана немец-француз-кыргыз киноишмерлери биргелешип жараткан “Теңири” тасмасы тартууланаары күтүлүүдө.

Белгилей кетүүчү нерсе, бул кинофестивалдын жүрүшүндө Чыңгыз Айтматовдун 80 жылдык мааракесинин урматына маркумдун чыгармаларынын негизинде тартылган фильмдер да көрсөтүлмөкчү.
Ал эми жакында тартылы турган фильмдер тууралуу айтсак, белгилүү кинорежиссер Эрнист Абдыжапаров “Ашык болгон ууру” аттуу тасманы тартууга киришти. Тасмада сүйүү, өмүр жана өлүм темалары камтылган. Фильмдин экинчи режиссеру Айбек Дайырбеков билдиргендей, учурда актерлорду тандоо иши жүрүүдө.

Бул тасма менен катар эле кинорежиссер Бакыт Карагулов “Араб” аттуу фильмди жаратууга киришти. Учурда актерлор тандалып, тасма тартылчу жерлер такталууда экендигин “Кыргызфильм” киностудиясынын башкы редактору Алтынай Темирова.

Ошондой эле алдыда балдардын “Аралаш” киножурналынын кезектеги чыгарылыштары жана бир катар даректүү тасмалар тартылмакчы.
XS
SM
MD
LG