Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:24

8:45 Бишкек шаарында турак-жай куруу үчүн жер берүүгө мораторий 1-2 жылга киргизилди


Мындай маалыматты борбор калаанын вице-мэри Алексей Филатов “Азаттыктын” кабарчысына билдирген. Анын айтуусунда бүгүнкү күнү дээрлик бардык жаңы конуштарда жер участокторуна байланышкан чыр-чатактар бар. “Бир участокко ээлик кылуу укугу бир эле учурда бир канча адамдын колуна берилип кеткен. Мына ушундай түйүндөрдү чечүү үчүн бизге убакыт керек. Бул үчүн мэрияда атайын жумушчу топ түзүлдү,” деп маалымдайт Алексей Филатов. Анын сөзү боюнча 1-2 жылдан кийин жеке турак-жайлар үчүн участоктор бериле баштайт, андай жерлер азыр өкмөт менен макулдашылууда.
Бишкек шаарында жеке турак-жай куруу үчүн берилүүчү жер участокторуна мораторий киргизүү тууралуу буйрукка мэр Нариман Түлеев 19-августта кол койгон.(ZKo)

XS
SM
MD
LG