Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:32

15:57 Кыргызстан менен Германия өкмөттөр аралык кеңешүүлөрдү өткөрдү


Эки өлкөнүн кызматташуусун өнүктүрүүгө арналган кеңеш Экономикалык өнүктүрүү жана соода министрлигинде болуп, ага экономикалык өнүктүрүү жана соода министри Акылбек Жапаров кыргыз тараптан, ал эми Германия тараптан Себастиян Леш жетектеген делегация катышты. Кеңештин жыйынтыгы боюнча 2009-2010-жылдары кызматташуу боюнча кезектеги кеңешти келерки жылы Бонн шаарында өткөрүү боюнча протоколго бүгүн кол коюлду. Германия Кыргызстандын айыл чарбасын өнүктүрүүгө, сот системасын реформалоого, саламаттык сактоо тармагына жардам берип келет. Бул тууралуу Экономикалык өнүктүрүү жана соода министрлигинен бүгүн кабарлашты.(AiT)

XS
SM
MD
LG