Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:28

КЫРГЫЗСТАНДЫК СПОРТЧУЛАР ОЛИМП ТАЙМАШУУЛАРЫН ЭРТЕ АЯКТАШТЫ


Баяндаган Кабыл Макеш, Бээжин

Бүгүн (21-август) Бээжинде өтүп жаткан 29-жайкы Олимпиадалык оюндардын эркин күрөш боюнча мелдештери жыйынтыкталды. Бул күнү 84, 96 жана 120 кг. салмактагы балбандар килем үстүндө күч сынашты. Кыргызстандык үч балбан Азия чемпиондору Базар Базаргуруев менен Алексей Крупняков жана Сидней олимпиадасынын күмүш байге ээси Арсен Гитинов спорт күйөрмандарынын үмүттөрүн актай алышпады. Акыркы үмүттү жандырган 96 кг. салмактагы Азия чемпиону, Дүйнө чемпионатынын күмүш байге ээси Алексей Крупняков алгачкы таймашууда эле Дүйнө жана Европа чемпиону грузиялык балбан Георгий Логашвилиге 2:0 эсебинде утулуп оюндан чыгып калды.

84 кг. салмактагы эркин күрөштө Олимпиаданын чемпиондук наамына грузиялык балбан Дүйнө чемпиону Ренес Мандаршвили арзыды. Ал эми 96 кг. салмактагы балбандардан алтын медалды орусиялык Хирвани Мурадов жеңип алды. Эркин күрөштүн оор салмактагы финалдык таймашында орусиялык Бахтияр Ахмедов менен өзбекстандык Артур Таймазов беттешип, натыйжада 2:0 эсебинде Артур жеңишке жетишип, Өзбекстанга Бээжин Олимпиадасынын эң жогорку байгесин тартуу кылды.

21-августта таеквондо боюнча таймашууларга кыргызстандык Расул Абдраимов дагы катышты. Натыйжада биринчи беттешүүдө эле германиялык Даниель Маниз менен күч сынашып 1:0 эсебинде Расул жеңилүү ызасын тартып, олимпиадалык таймашуудан чыгып калды.

Ошондой эле бүгүн (21-август) жеңил атлетика боюнча Азиянын алты жолку чемпиону, 14-Азия оюндарынын чемпиону Татьяна Ефименконун дагы жолу болбоду. Ал үч ирээт аракет кылса дагы 1 метр 80 см. бийиктикти багындыра албай, олимпиадалык жарыштан чыкты.

Ошентип, тилекке каршы 21-августта кыргызстандык жыйырма спортчунун Олимпиадалык таймашуулары эртелеп соңуна чыгып калды. Бээжиндеги дүйнөлүк спорт майрамында кыргызстандык спортчулардын көрсөткүчтөрү күйөрмандарга жакшы дайын десек болот. Эгемен Кыргызстандын туусун кытай жергесинде грек-рим күрөшүнүн чеберлери Руслан Түмөнбаев менен Канатбек Бегалиев эки ирээт обого желбирете көтөрүп, өлкө намысын бийик коргошту. Канат күмүш байгени жеңсе, Руслан коло медалды тагынып өз мекенине кайтып келишти.
XS
SM
MD
LG