Жаза өтөө жайлар башкармалыгынын жетекчиси Эрнст Исаев Акыйкатчы менен болгон кечээки жолугушууда негизинен 14-август түнү баш-аламандык болуп өткөн Беловодски абагындагы акыбал тууралуу кабар берди. Анын айтуусунда абактагы өлүм жазасына тартылгандар башка жазалануучулардан өзүнчө бөлүндү. Турсунбек Акун башка жаза өтөө жайларындагы абалга да кызыгып, Акыйкатчы институтунун кызматкерлери үчүн бир да абакка эшик жабык болбосун эскертти . Ошондой эле ал бардык жаза өтөөчү жайларда өлүм жазасына тартылгандар башка соттолгондордон бөлөк жайгаштырылууга тийиштигин белгиледи. Жаза өтөө жайлар башкармалыгынын жетекчиси Эрнст Исаевдин Акыйкатчыга берген маалыматы боюнча өлүм жазасына же башкача айтканда өмүр бою түрмөгө кесилгендер үчүн 120 орундуу атайын абак Нарында курулуп жатат.
14-август түнү №16 күчөтүлгөн режимдеги түрмөдө баш-аламандык болуп, жаза өтөп жаткан Кадырбек Абдышев тарабынан эки түрмө кызматкери: 31 жаштагы Дуулатбек Аденов менен 49 жаштагы Сапарбек Жумабаев өлтүрүлгөн. Ошол эле күнү Бишкек-1 СИЗОсуна алып келе жаткан мезгилде жаза өтөп жаткан эки адам: Кадырбек Абдышев менен Эрмек Урманбетов да каза тапкан. Аларды муунтуп өлтүрүшкөнүн төрт жазалануучу мойнуна алгандыгын адилет министрлиги кабарлаган.(ZKo)