Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:21

НАТО - ОРУСИЯ МАМИЛЕСИНИН НАЧАРЛАШЫ: КЫРГЫЗСТАН КАНТЕТ...?


Грузия чатагына байланыштуу Орусия НАТО менен аскерий кызматташуусун токтотконун билдирди. Кыргызстан Москва үстөмдүк кылган Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун мүчөсү жана Орусияны башкы стратегиялык өнөктөш катары карманып келет. Бирок ошол эле мезгилде Бишкектин АКШ баш болгон Батыш менен байланышы арбын жана ал байланыштардын аскерий багыттагы негизги бөлүгү - бул “Манастагы” аскерий база. Москванын Батыш менен мамилесинин начарлашы Кыргызстанга кандай таасир этет?

Грузия чатагы боюнча Орусия батыштан жалаң айыптоолорду укту. КМШ мамлекеттери да Москванын чечкиндүү аскерий операциясын, осетиндер геноцид болду деген саясатын жабыла колдоп чыккан жок. Андай колдоону Москва Беларусиядан таарынып жатып, суранып жатып алгандай болду. Кыргызстан президенти Курманбек Бакиев “Грузия менен Орусиянын ортосундагыдай чатактар жалаң саясий-дипломатиялык жолдор менен чечилиш керек” деген пикирин айтты. Бирок Москва менен Батыштын чатагы ырбап, Орусия НАТО менен аскерий кызматташуусун токтотконун жарыялады. Мындай чечимден Ооганстанда антитеррордук операция жабыр тартаарын орус тышкы иштер министри Сергей Лавров билдирди.


(Кыргызстандын президенти К.Бакиев менен Орусия президенти В.Медведев )

Ооганстандагы антитеррордук операцияга кол кабыш кылуучу аскерий база “Манас” аба майданына Москванын макулдугу менен жайгаштырылганы айтылып келет. Ал кезде Москва менен Вашингтондун мамилеси абдан ынак болчу. Эми кырдаалдын өзгөрүшү Кыргызстанга кандай таасир этиши мүмкүн? Бул суроого коопсуздук кеңештин мурунку катчысы Мирослав Ниязов мындай жообун берди:

Жакында Дүйшөмбүдө ШКУнун саммити болот. Ошондо президенттер чогулганда маселе кабыргасынан коюлат го дейм. Анткени Кыргызстан деле ШКУга кирген себептен орто жолдо жүрө бербейт. Бир жээкке барыш керек, бир жагын колдош керек болуп калат. Бирок ар бир нерсенин чеги болот. Чексиз эле быяка ооп, же тыякка ооп калган саясат жарашпайт, деген Мирослав Ниязов Орусия менен батыштын мамилесинин начарлашы убактылуу экендигин, ошондуктан Кыргызстан алысты көздөгөн саясий чечимдерди кабыл алыш керектигин кошумчалады.


(НАТОнун баш катчысы Яаап де Хооп Схеффер )

Мурунку тышкы иштер министр Аликбек Жекшенкулов Москва менен НАТОнун мамилесинин бузулушу Кыргызстанга сөзсүз таасирин тийгизет деген пикирде:

Сөзсүз таасир этет. Анткени кайсы мамлекет менен кандай коопсуздук маселе боюнча кызматташууну кайрадан кароого туура келет. Себеби ЖККУ менен ШКУнун ичинде биздин милдеттенмелер абдан чоң. НАТО менен илим, өзгөчө кырдаалдар боюнча кызматташуулар бар.

Саясат таанучу Орозбек Молдалиев Кыргызстан эки тарап менен мамилесин бузбай, өз кызыкчылыгын кармап турушу керек деген пикирде:

Мына ушул балансты сактап турушубуз керек. Бирөөнү чыгарсак эле баланс бузулуп калат. Ал (АКШ базасы) база чыкса чыгып кетет. Казакстан менен кошумча келишими бар. Алма-Ата, Чимкентке базаны которуп кетиш жеңил эле. Тажикстан кабыл алууга даяр, араң эле турат. Тажикстанда деле Франциянын базасы турат го. Ал эмнеге айтылбайт? Өзбекстандын Термезинде да база турат. Ошентсе да эл аралык саясатты кыйратып жүргүзүп жатабыз дегендин сыноосу эми келди. Анан ушул сыноодон татыктуу чыгып кетишибиз керек. Ошон үчүн биз азыр экөө менен тең эле мамилени бузбай турганыбыз жакшы.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG