Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:30

18:12 Жалал-Абатта адам өлүмү менен коштолгон жол кырсыктары көбөйүүдө


Облуста жол кырсыгына кабылып жети айда 110 кишинин өмүрү кыйылды. 398 адам түрдүү жаракат алган. 311 кырсык катталып, былтыркыдан 11 киши көп өлгөн. 13 өспүрүм да оопат болгон. Жол кырсыгы Базар-Коргон району менен Жалал-Абат шаарынын аймагында 7 пайыздан 43 пайызга дейре өскөн. Адам өлүмү коштолгон кырсык Ош-Бишкек жолунда көп болууда. Жол эрежелери сакталбай, катуу айдоо, айдоочулук күбөлүктү сатып алуу, автоунаалардын улам көбөйгөнү кырсыктарга шарт түзгөн. Облуста 39 миңге жакын жеке автоунаа бар. Автоунаасы жок туруп айдоочуларды даярдаган 7 автомектеп жабылган. Тартип сакчылары кырсыктын көп болушун МАИ кызматкерлеринин аздыгы менен түшүндүрүүдө. (YA)

XS
SM
MD
LG