Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:12

Орусия Грузиянын ичкери аймактарынан аскерлерин чыгарып кеткендигин бышыктады, бирок батыштагы Потини бошото элек


Орусия бийлиги Грузиянын ичкери аймактарынан аскерлерин чыгарып кеткендигин бышыктады, бирок орус аскерлери батыштагы Поти шаарын бошото элек, ошондой эле стратегиялык маанидеги Гори шаарына баруучу жолдо текшерүү бекетин кармап турат. Орусиянын башкы штабынын жетекчисинин орун басары генерал Анатолий Ноговицин орус аскерлери Потиде кала бере тургандыгын жарыялады. Ал "Франция арачы болгон элдешүү келишиминде ушинтип айтылган" деп ырастады.

XS
SM
MD
LG