2008-жылкы Олимпиада оюндарынын акыркы күнү эркектердин арасындагы марафондо кениялык Сэмюэл Ванжиру (Samuel Wanjiru) олимпиадалык рекордду жаңыртты. 21 жаштагы кениялык күлүк өз элинин тарыхында алгачкы ирет олимпиадалык марафондун башкы мөрөй ээси болуп калды. Ал эми орусиялык спортчу айымдар ритмикалык гимнастика боюнча тобу менен бийлеп, алтынга жетишти.