Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:07

11:30 Бүгүн космонавт Салижан Шарипов 44 жашка чыкты


Космонавт Салижан Шарипов Ош облусундагы Өзгөн шаарында 1964-жылы 24-августта төрөлгөн. 1987-жылы авиациялык окуу жайды аяктап, учкуч-инструктор болуп иштеген. Жалпысынан ар кандай учактардын түрлөрү менен 950 саат абада учкан. 1990-жылы советтик космонавттар тобуна тандалып алынган. Союз ТМ космос кемесинде жана “Мир” орбиталык бекетинде кеменин командири катарында толук даярдыктан өткөн. 1994-жылы Москва мамлекеттик университетин “Картография” адистиги боюнча бүтүргөн. 1997-жылы жай айында бир нече ирет колдонулуучу Space Shuttle чөлмөк кемесинде учууга даярдыктан өтүү үчүн АКШга барган. Шарипов 1998-жылы 24-31-январда космоско алгач учкан. Экинчи учуусу 2004-жылдын 14-октябрынан 2005-жылдын 24-апрелине чейин эл аралык космос экипажы менен ишке ашкан. Космоско кыргыз туусун жеткирген. Кыргыз Эл Баатыры. Үй-бүлөөсү бар, эки кыздын атасы. Китеп окуганды, футбол ойногонду жакшы көрөт. (AJ)

XS
SM
MD
LG