Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:04

БЭЭЖИН ОЛИМПИАДАСЫ САЛТАНАТТУУ ЖАБЫЛУУДА


Кытайдын ордо шаары Бээжинде ушул мүнөттөрдө (Бишкек убактысы боюнча кечки саат алтыда) 2008-жылкы Олимпия Оюндарынын жабылыш аземи башталды. Бул азем учурунда Олимпиаданын туусун 2012-жылкы Олимпиаданы тосо турган конок ээси – Лондондун өкүлдөрүнө тапшыруу жөрөлгөсү өтөөрүнөн дүйнө коомчулугу мурдатан кабардар. Эл Аралык Олимпиада Комитетинин Президенти Жак Рогге бүгүн Кытайда өткөн Олимпиадага өзгөчө жогорку баасын берди.

Ошентип, “той да болоор, тойдун эртеси да болоор” дегендей, дүйнө жүзүнүн көңүл чордонун ээлеп келген спорт майрамы – 2008-жылкы Олимпиада оюндары да соңуна келди.

90 миңден ашуун кишини өзүнө батырып, ал эми миллиарддан ашуун сыналгы көрүүчүлөрүн сырткарыдан өзүнө кадалткан Бээжиндеги “Куш уясы” стадиону 2008-жылкы Олимпиада оюндарынын салтанаттуу жабылыш каадасы өткөн жай болду.

Бул жабылыш аземине Улуу Британиянын ордо шаарынын акими Борис Жонсон келип, Олимпиада туусун салтанаттуу түрдө өзүнө өткөрүп алып, 2012-жылга белгиленген Лондон Олимпиадасына карата камылгаларды расмий баштаары тууралуу алдын-ала билбеген киши жоктур.

Шаан-шөкөт учурунда Бээжин стадионунун так ортосуна лондондук айтылуу эки кабаттуу кызыл автобус алынып келинээри маалым.

Андан тышкары, хэви-метал стилиндеги таанымал британ тобу болгон Led Zeppelin тобунун гитарчысы Жимми Пейж жана британ поп-ырчысы Леона Люис айым биргелешип, Led Zeppelin тобунун “Whole Lotta Love" ырын аткараары, испандык тенор үндүү ырчы Плачидо Доминго, кытай ырчы айымы Сун Цзуин, британ футбол жылдызы Дэвид Бэкхем, нечендеген кун-фу устаттары жана башкалар жабылыш аземинин көркүн ачаары тууралуу интернет аркылуу алдын-ала жарыяланды.

Эл аралык Олимпиада Комитетинин президенти Жак Рогге (Jacques Rogge) бул жолку Олимпаданын Кытайда өткөрүлүшү туура болду деп билдирди. Анын оюнча, бүгүн аяктап жаткан Бээжин оюндары Кытай менен башка дүйнө коомчулугунун өз ара түшүнүшүүсүн ого бетер чыңдап койду.

- Биз эч кандай кынтыгы жок иш-аракетке күбө болдук, биз мыкты оюнду көрдүк, 40тан ашуун дүйнөлүк рекорд жаңырды, 120дан ашуун олимпиадалык рекорд жаңырды. Албетте, биз Олимпиада оюндарынын эки чыгаан жылдызына – Майкл Фелпс (Michael Phelps) менен Усэйн Болтко (Usain Bolt) маашыр болдук.

Кошумчалай кетсек, Майкл Фред Фелпс Үчүнчү – америкалык чыгаан сүзүүчү. Ал 1985-жылы 30-июнда Балтимордо туулган. Ал спорт тарыхында 14 жолку олимпиада чемпиону жана 17 жолку дүйнө чемпиону катары өзгөчө из калтырды. Ушул тапта ал 32 жолу дүйнөлүк рекордду жаңырткан спорт чебери катары таанымал.

Ал эми Усэйн Болт мырза болсо 1986-жылы 21-августта Ямайканын Трелони жергесинде туулган. Бул чыгаан күлүк жигит үч жолку олимпиада чемпиону, 100 метрлик, 200 метрлик жана эстафетада чуркоодо дүйнөлүк рекорддорду жаңырткан чебер.

Баарынан кызыгы, бул үч рекордду тең Болт соңку Олимпиаданын алкагында жаңыртып, Бээжин Оюндарынын көркүн ачты.

Айтмакчы, дүйнө жүзүндөгү укук коргоочулар Эл Аралык Олимпиада Комитетин Кытайдагы адам укуктарынын одоно бузулушун токтотуу үчүн расмий Бээжинди кысымга алган жок деп сынга алып келет.

Албетте, бул оюнду уюштурууда жана өткөрүүдө бардыгын эле мыкты деп айтсак болбойт, бирок Эл Аралык Олимпиада Комитети эгемен мамлекеттин өкмөтүн тигил же бул иш-аракетке мажбурлай албайт, деди Рогге.

Эл аралык Олимпиадалык Комитеттин президенти болсо Бээжин оюндары Кытай менен дүйнөнүн өз ара түшүнүшүүсүн чыңдады деп эсептейт:

- Дал ушул Оюндар аркылуу Кытай дүйнө жүзүнүн кылдат талдоосуна кабылды жана өзүн дүйнө жүзүнө ачып берди. Дүйнө Кытайды үйрөнсө, Кытай дүйнө тууралуу үйрөндү. Менин ишенимимде, бул – узак мөөнөттүк жагымдуу натыйжасын берген бир окуя болуп калды.

Олимпиаданын акыркы күнү кениялыктар менен орустар алтын медал жеңип алышты.

2008-жылкы Олимпиада оюндарынын акыркы күнү эркектердин арасындагы марафондо кениялык Сэмюэл Ванжиру (Samuel Wanjiru) олимпиадалык рекордду жаңыртты. 21 жаштагы кениялык күлүк өз элинин тарыхында алгачкы ирет олимпиадалык марафондун башкы мөрөй ээси болуп калды.

Ал эми орусиялык спортчу айымдар ритмикалык гимнастика боюнча тобу менен бийлеп, алтынга жетишти.

Жалпысынан, Кытай 51 алтын медалга ээ болду, АКШ – 36, Орусия – 23 алтын медал утуп алды. Ошентип, алгачкы жолу Кытай олимпиадалык алтындарды башкалардан көбүрөөк алган өлкө болуп калды.

Ал эми жалпы медалдардын саны боюнча АКШ бардыгынан озуп, 110 медал утуп алды, Кытай жеңген жалпы медал саны 100, Орусияныкы - 72 болду.

Бир күмүш, бир коло медал алган Кыргызстан менен Тажикстан 65-орунду ээлесе, Өзбекстан – 40-орунда (1 алтын, 2 күмүш, 2 коло), Казакстан 29-орунда (2 алтын, 2 күмүш, 5 коло медал) турат.

Ошентип, дүйнөнүн чар тарабынан келген олимпиадачылар жана спорт күйөрмандары “Кош бол, Бээжин, салам сага, Лондон!” деп жаткан кез.
XS
SM
MD
LG