Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:57

20:45 Бишкектен Иранга бараткан учак кулады


“Итэк-Эйр” компаниясынын Бишкектен Ирандын Мешхед шаарына кечки 20.30да бет алган “Боинг-737” учагы асманга көтөрүлгөндөн 10 минут өткөндөн кийин авариялык себептерден кайра конууга аракет кылган. Бирок “Манас” аба майданына коноордун алдында жерге кулап түшкөн. Айрым маалыматтар боюнча, ал "Манаска" жакын жайгашкан Жаны-Жер айылынын аймагында жатат.

Бул маалыматты "Манас" аэропортунун маалымат катчысы Толгоной Стамалиева тастыктады. “Азаттыкка” Жарандык авиация департаментинин инспекция бөлүмүнүн башчысы Александр Аксионов да муну ырастап, азыр окуя болгон жерге баратканын билдирди. Айрым маалыматтар боюнча, учактын ичинде 100дөн ашуун жүргүнчүлөр болгон. Алардын он беши, анын ичинде, учактын экипажы аман калган, калгандары каза тапкан. Кырсыкка байланыштуу "Манас" аба майданы убактылуу жабылды.

Азыр кырсык болгон аймакта "Азаттыктын" кабарчылары иштеп жатат. (KO)

XS
SM
MD
LG