Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:53

23:15 Өзгөчө кырдаалдар министрлиги: Учакта 123 адам болгон


Жаңы-Жер айылынын жанында туруп «Азаттыктын» кабарчысынын маалымдаганына караганда, азыр учак кулап түшкөн жер курчоого алынган. Ал жакта Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин куткаруучулары жана дарыгерлер иштеп жатат. Кабарчылар кулаган “Боинг-737” учагынын арткы бөлүгүн көрүшкөнүн маалымдады, анын чачырандылары жерде жатат. Окуяга күбө болгондордун айтымында, сексенден ашуун адам каза тапкан, калган он бештей адамды “тез жардам” жана башка автомашиналар ооруканаларга алып кеткен. Кырсыктын кесепетин жоюуга антитеррордук күчтөрдүн (мурдагы Ганси атындагы) аба базасынын куткаруучулары да жардамдашууда. Айрым такталбаган маалыматтар боюнча, кулаган учакта кыргызстандык футболчулар болгон. Ал эми Өзгөчө кырдаалдар министрлиги “Азаттыкка” учакта 123 адам болгонун тастыкташты. (КО)

XS
SM
MD
LG