Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:46

23:59 Өкмөт башчы Игорь Чудинов учак кулаган жерге жөнөп кетти


Өкмөттүн басма сөз кызматынын кабарлоосуна караганда, премьер-министр Игорь Чудинов “Манас” эл аралык аэропортунда учак кулаган жерге жөнөп кетти. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин “Азаттыкка” маалымдашынча, “Итэк-Эйр” компаниясынын “Боинг-737” учагында 123 адам болгон. Учак Бишкектен Ирандын Мешхед шаарына кечки 20.30да бет алганда кырсыкка учураган. Окуя болгон жерде “Манас” аэропортунун куткаруу кызматтары, “тез жардам” станциялары иштеп жатат. Кырсыктын кесепетин жоюуга антитеррордук күчтөрдүн (мурдагы Ганси атындагы) аба базасынын куткаруучулары да жардамдашууда. (ZMa)

XS
SM
MD
LG