Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:43

Кошмо Штаттарда бүгүн Демократиялык партиянын курултайы башталат


Колорадо штатынын Денвер шаарында өтүүчү курултайга төрт миңдей делегат, партиянын оң миңденген жактоочулары, расмий өкүлдөр, журналисттер катышат. Анда сенатор Барак Обама президенттикке талапкер катары расмий бекитилери күтүлүүдө жана АКШнын негизги партияларынын биринен мамлекет башчылыгына талапкер болгон алгачкы ындыкара саясатчы болот. Ал талапкерликти кабыл алган сөзүн курултайдын соңку күнү- бейшембиде сүйлөйт.

Өткөн ишемби күнү Обама вице-президенттикке америкалык саясаттын ардагери, сенатор Жозеф Байденди тандаганын жарыялады. Ал эми Обаманын болочок атаандашы, республикачыл сенатор Жон МакКейин вице-президент болуучу өнөктөшүнүн ысымын Республикалык партиянын 1-сентябрда башталуучу курултайын утурлай жарыялары күтүлүүдө.

XS
SM
MD
LG