Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:02

Бээжинде Олимпиада салтанаттуу жабылды, америкалык укук коргоочулар бошотулду


Кечээ кечинде Бээжиндин "Куштун уясы" стадионундагы слтанатта сүйлөгөн сөзүндө Эл аралык Олимпия комитетинин президенти Жак Рогге бул жолку Олимпиаданы "өзгөчө" деп атады. Роггенин сөзүнө караганда, Бээжин Олимпиадасы "дүйнө Кытайды жакшыраак билүүсүнө, ал эми Кытайдын дүйнөгө ачылуусуна шарт түздү".

Олимпиада алдында жана учурунда Бээжинде кытай бийликтери тарабынан адам укуктарынын бузулушуна каршы нааразылык чаралары өткөн эле. Маалыматтарга караганда, кечээ Кытай америкалык адам укугун коргоочу активисттердин сегизин өлкөдөн чыгарды, ал эми британиялык жана германиялык эки укук коргоочуну мекенине бүгүн жөнөтөт. Алар Олимпиада учурунда Кытайдын Тибеттеги саясатына каршы нааразылык акциясын өткөрүп жаткан кезинде кармалышкан.

XS
SM
MD
LG