Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:08

Ооганстан коргоо министрлиги сексенден ашуун тургундун мерт болгону үчүн коалициялык күчтөрдү айыптады


Ооган коргоо министрлигинин маалымат катчысы, генерал Захир Азими "Азаттык жана Эркин Европа" радиосунун ооган кызматындагы маегинде белгилегендей, коалициялык күчтөр өткөн бейшемби күнү өлкөнүн батышындагы Герат провинциясындагы кыштактардын бирине жетиштүү эмес маалыматтардын негизинде чабуул жасаган. Ооган расмий өкүлдөрүнүн маалыматтарына караганда, аба соккусу да колдонулган бул аскерий операция учурунда кеминде 89 жөн-жай тургун каза тапкан.

Бул окуяга байланыштуу президент Хамид Карзай ооган армиясынын Гераттагы жергиликтүү эки кол башчысын кызматтан бошотту.

XS
SM
MD
LG