Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:16

ДОГДУРЛАР КЫРСЫКТАГАНДАРДЫН ӨМҮРҮН САКТОО АРАКЕТИНДЕ


Кечээ кечинде кырсыкка учураган “Боинг-737” учагынын аман калган жүргүнчүлөрү ооруканага жеткирилип, учурда алардын саламаттыгын догдурлар көзөмөлдөп турушат. Негизинен жаракат алгандар Бишкек шаардык номур төртүнчү ооруканасында дарыланышууда. Оорукананын жетекчиси Сабырбек Жумабаевдин айтымында, азыркы тапта ооруканада жатышкан 17 адамдын бешөөнүн абалы оор. Башында ооруканага келип түшкөн 21 адамдын төртөөнө алгачкы жардамдар көрсөтүлгөн соң ооруканадан чыгарылса, он жетиси дарыланууда.

Бишкек шаарынан анча алыс эмес жердеги Жаңы-Жер айылынын аймагына кулап түшкөн “Боинг-737” учагынын аман калган жүргүнчүлөрүнүн дээрлик басымдуу бөлүгү Бишкек шаардык номур төртүнчү ооруканасында дарыланышууда. Жабыркагандардын бирөөсү Улуттук госпиталга которулган. Алардын көбүнүн денеси ар кыл деңгээлде күйүп, көмүр кычкыл газына ууланышып, ар кандай деңгээлде колу-буттары, дене мүчөлөрү сынган. Жабыркагандар дарыланып жаткан номур төртүнчү оорукананын жетекчиси Сабырбек Жумабеков кырсыктагандардын абалы тууралуу мындай деди:

- Бизге 21 киши келип түштү. Дагы бир адам Улуттук госпиталга алып барылган экен. 21 адамдын төртөөнө амбулатордук жардам көрсөтүп туруп, үйлөрүнө чыгардык. Азыр 17 адам биздин борбордо жатышат. Анын тогузу газдан ууланган. Күйүк менен жана ар кандай сыныктар менен түшкөндөр бар. Бешөө оор абалда, анын бирөө абдан оор. Бүгүнкү күндө дары-дармегибиз толук жетиштүү, кырсыктагандарды бекер дарылап атабыз. 11 адам Ирандык жарандар, 10 адам Кыргызстандык.

Ооруканадан кырсыкка учураган жүргүнчүлөрдүн туугандары, жакындары да каршы терши басып, тынчсызданып турушканын көрүүгө болот. Айрымдары үмүттөрүн үзбөй, ооруканага түшкөндөрдүн тизмесинин арасынан жакындарын издешсе, дагы башкалары жакындары аман калганына тобо кылып, көздөрүн жашка бөлөй алардын тезирээк сакайып кетишин тиленишүүдө. Бул каргашалуу аба кырсыгында аман калышкан эгиз бир туугандар Жаныш, Байыш Адиевдердин энеси Анипа Үсөналиева буларды айтып берди:

- Мелдешке көптөн бери эле даярданып атышкан. Анан кечээ күнкүгө билет алышып, саат сегиз жарымда учушмак. Биз саат сегизде аба майданында узатып, учуп кетишти го деген ой менен тарап кеткенбиз. Анан үйгө келерим менен эле элдердин кыйкырык-өкүрүгү угулган телефон чалуу болуп, балам “тез ара келбесеңиз болбойт” деп коюп салды. Анан шашып-бушуп барсак эле өтө кайгылуу окуя болуптур.

Ошондой эле Анипа Үсөналиеванын айтымында, балдарынын телефон чалуусунан кийин алар дароо Жаңы-Жер тарапты көздөй жол алышкан. Ал жерден тез жардам унаасы менен “Манас” аба майданына чейин жеткирилген балдарын, өздөрү номур төртүнчү ооруканага чейин алып келишкен. Бул кырсыктан аман калышкан Жаныш менен Байыш эстерине келгенде эле дароо алардын баскетбол командасы эмне болгонун, жандарында бараткан досу Эмилдин кайда экендигин сурашкан. Анипа айымдын пикиринде, Жаныш менен Байыш досу Эмилди сактап калабыз деп жатып да кыйла күйүп калышкан:

- Менин балдарым күйүп калышыптыр. Алардын жанында Эмил деген бала бар эле, дайыма чогуу жүрүшчү дос болуп. Балдарымдын айтымында, Эмил орундукка бекитилген курдан чыга албай калган окшойт. Ал курдан чыга албай атканда ага жардам беребиз деп жатып, Жаныш менен Байыштын колдору күйүп калган окшойт. Эми ал баланын күйгөнү-күйбөгөнү белгисиз.

XS
SM
MD
LG