Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:45

БООРУ ҮЗҮЛГӨН «БОИНГДИН» ИЧИНДЕ 65 АДАМ КҮЙҮП КЕТТИ


24-августта кечинде Бишкекте болгон аба кырсыгын иликтөө үчүн мамлекеттик комиссия түзүлүп, 26-август аза күтүү күнү деп жарыяланды. Ичинде 90 кишиси менен кырсыкка учураган Боинг-737 учагы Кыргызстандын “Итек эйр” компаниясына таандык болуп, аны ирандык “Ассеман айр” компаниясы ижарага алып пайдаланып турган. Учак бул күнү Тегеранга багыт алган эле.

Транспорт жана коммуникация министрлигинин маалыматы боюнча, “Манас” аба майданынан 24-августа кечки саат 20:30да Тегеранды көздөй учуп чыккан “Боинг-737” беш минуттан кийин техникалык себептерге байланыштуу “Манаска” кайтып конууга уруксат сураган. Бирок аэропортко жетпей 20:43тө Сокулук районундагы Жаңы-Жер айылына жакын жерге конууга аракеттенип, бирок жерге катуу түшкөндө талкаланып, өрттөнүп кеткен. Андан 65 киши каза таап, 22 жүргүнчү ооруканага жеткирилген. Ооруканадагылардын абалы тууралуу саламаттык сактоо министри Марат Мамбетов буларды билдирди:

- Азыркы убакта ооруканада 18 киши жатат. Мурда түнү төрт киши дарыланып, чыгып кетишти. Үч киши реанимацияда жатат. Абалдары эң эле кыйын. Дагы беш киши денесинин 60-70% күйүк менен жатат. Бул эң эле татаал нерсе, - деген саламаттык сактоо министри ооруканадагыларга медициналык жардам көрсөтүүгө мэрия 1 миллион сом бөлгөнүн, алар дары-дармек менен толук камсыз болуп жатканын кошумчалады.

Транспорт жана коммуникация министри Нурлан Сулайманов кырсыкты иликтөө үчүн мамлекеттик комиссия түзүлгөнүн билдирди:

- Аба кырсыгын иликтөө үчүн мамлекеттик комиссия түзүлдү. Ошондой эле транспорт жана коммуникация министринин буйругу менен жарандык аба департаментинин жана Россиянын эл аралык аба комитетинин адистери кирген комиссия түзүлдү.

Кыргыз бийлиги аба кырсыгында 65 киши өлүп, 22си ооруканага түшкөнүн кабарлоодо.

Кырсыкка учураган “Боинг 737” учагы тууралуу Жарандык аба департаментинин башчысы Алик Аскаров буларды маалымдады:

- “Боинг 737” учагы 1980-жылы чыгарылган. Андан бери 59миң 500 саат учкан. 2007-жылы май айында Алма-Ата шаарында ремонттон өткөрүлгөн. Азыркы кезде андай ”Боинг” учагы “Эсен эйрде” бар. Иликтөөлөр бүткөнгө чейин анын учуулары токтотулду.

Расмий бийлик өкүлдөрү кырсыктын себеби террордук акт болбогонун, анык себеби башкы прокуратуранын, мамлекеттик комиссиянын иликтөөсүнөн кийин айкындалаарын билдирүүдө. Ал эми Жогорку Кеңештин депутаты, “Эсен эйр” компаниясынын жетекчиси Бегалы Наргозуевдин пикиринде, кырсыктын себеби Кыргызстан аба департаментинин шалаакы ишинде:

- Албетте, бул эми кудайдын буйругу. Бирок мен ойлоймун бул кыргыз жарандык аба департаментинин шалаакылыгынан болду. Ошол жеткиликтүү көзөмөл жүргүзө албагандыгынан келип чыкты. Бул маселе бүгүн чыга калган жок. Аны биз жарым жылдан бери айтып келе жатабыз. Парламентте акыркы жылда бир нече жолу көтөрүлдү. Европа Комиссиясы да коопсуздукту жолуна кое албаган үчүн биздин департаментти, андан каттоодон өткөн бүт авиа компанияларды кара тизмеге киргизген болчу.

Наргозуев ошондой эле “Итек эйр” компаниясы өз учагын тейлөөчү техникалык базасын дурустап түптөбөгөнүн белгилей кетти.

Маалым болгондой Европа Биримдиги Кыргызстандын учактарына Европанын аймагына учуусуна тыю салган. Буга Кыргызстанда учуу коопсуздугунун толук камсыздалбашы, мыйзамдардагы кемчиликтер себеп болгону маалым.

Аба кырсыгына учураган учактагы 83 жүргүнчүнүн 24 кыргыз жараны, 52 ирандыктар, экөөсү канадалык, 1 түрк жараны, үчөө Казакстан жана бирөө Кытай атуулу. Ал эми алты учкуч кыргызстандыктар. Алар менен кошо ирандын “Ассеман эйр” компаниясынын бир өкүлү болгон.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG