Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:04

КЫЙРАГАН УЧАКТА №29 МЕКТЕПТИН БАСКЕТБОЛ КОМАНДАСЫ ДА БОЛГОН


Жазгүл Жамангулова, Бишкек 24-август түнү авиа кырсыкка кабылгандардын арасында Бишкектеги №29 орто мектептин баскетбол боюнча курама командасы да болгон. Аларды мектеп директору жана шаардык кеңештин депутаты Бактияр Кадыров жетектеп бараткан. Он беш баладан турган баскетбол командасы Ирандагы жаштардын Эл аралык олимпиадасына катышуу үчүн учакка отурушкан. Азыр балдардын жетөө ооруканада дарыланышууда, калгандары туурасында так маалымат жок.

Бишкек шаарындагы №29 мектеп гимназиянын баскетбол боюнча курама командасы буга чейин бир катар шаардык жана республикалык мелдештерде алдыңкы орундарга арзып келген.

Курама командада 9-10-11- класстын окуучуларынан сырткары студенттер да ойношчу, деп белгиледи Бишкек шаарындагы спорт комитеттин окуу бөлүмүнүн башчысы Иван Сергейенко.

- Мындан бир аз мурун эле аталган команда Якутиядан келишкен эле. Балдар чет өлкөлөргө тез-тез чакырылып турушчу. Анан жакында эле Иран мамлекетинен чакыруу алышкан. Ал жакта жаштардын Эл аралык олимпиадасына катышышмак.

№29 мектеп гимназиядагы окуучулардын мына ушул курама командасы 24-август күнү кечки саат 8:30 да Иранга багыт алышмак. Адатта башка мамлекеттерге мелдеш үчүн кетип турчу уулдарын узатып, кайра кубанычтуу тосуп алган ата-энелер жамандыкты кайдан күтсүн. Бирок айрымдар ал учурду мындайча баяндайт.

- Менин атым Анипа Үсөналиева, биз балдарыбызды узатып жатканыбызда негедир жамандыкты сездим. Жөнөткүм келген жок. Бирок ата-энелер кете бергиле дешкенинен баарыбыз кетип калдык. Баары бир ата-эненин жүрөгү жамандыкты алдын ала сезип турат экен.

Эгиз уулдар Жаныш жана Байыш аталган курама командада ойношчу. Алар азыр ооруканада. Кырсык болгон күнү өздөрүнүн эң жакын досу Эмилди куткарабыз дешип, денелеринин бир топ жери күйүп кеткен.

Соңку маалыматтарга таянсак мына ушул команданын ичинен аман калган Жаныш менен Байыш өндүүлөр тилекке каршы жетөө гана. Алардын үчөө дагы өтө оор абалда экени дарыгерлер тарабынан белгиленүүдө.

Мына ушул кырсыктан жабыр тарткандардын арасында Шаардык кеңештин депутаты жана №29 мектеп гимназиянын директору Бактияр Кадыров да бар. Бактияр Кадыров азыр биз сөз кылып жаткан курама команданы жетектеп бараткан. Дарыгерлердин маалыматына караганда анын денесинин бир топ жери күйүп, көмүр кычкыл газына ууланган. Андан сырткары команданын машыктыруучусу да өтө оор абалда экени кошумчаланууда. Ата-энелер болсо жоголгон балдарын издеп жатышат.


Сүрөттө: Кыйраган учактын калдыгы

XS
SM
MD
LG