Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:43

ООГАНСТАН: АЛГАЧКЫ ОЛИМПИАДА ЖЕҢИШИ


Рохулла Некпа – 20-августта Бээжиндеги Олимпиада оюндарында медалга татыган алгачкы ооган спортчусу катары тарыхка кирди. Некпа таэквондо боюнча жеңил салмакта дүйнө чемпиону, испаниялык Хуан Антонио Рамосту утуп алып, коло медалга татыды. Ооган спортчусу Рохулла Некпа Олимпиада оюндарынан кийин Эркин Европа/Азаттык үналгысынын ооган кызматы менен жеңишке карай узак жолу, оюндун жүрүшү жана алдыдагы пландары тууралуу пикири менен бөлүштү.

Көпчүлүк оогандар Рохулла Некпанын испаниялык Хуан Антонио Рамосту жеңип алганын түз эфирде көрө алган жок. Кабулда айрым гана адамдарда кабелдик сыналгыга кошулуу мүмкүнчүлүгү бар. Мындан сырткары Ооганстандын баш калаасында күн сайын маал маалы менен электр жарыгы өчүрүлүп тургандыктан, кабелдик сыналгыга ээ болгон шаар тургундары дагы Бээжинде өткөн Олимпиада оюндарында өз жердешинин жеңишине ошол заматта эле күбө боло алышкан жок.

Бирок 58 килограмм салмакта коло медалга ээ болгон Некпанын жеңиши 20-августта түнү менен ооган сыналгысы аркылуу кайталап көрсөтүлүп турду. Некпанын үйбүлөсү жана достору үналгы аркылуу дагы анын жеңишин улам-улам угуп жатышты.

Эркин Европа/Азаттык үналгысынын ооган кызматына Бээжинден курган маегинде ооган спортчусу Некпа Олимпиада оюндары учурунда жеңишке жеткенде кандай толкунданганын мындайча сүрөттөйт:

- Коло медалга жетүү үчүн мен испаниялык атаандашымды утушум керек болчу. Бул таймаш менин жеңишим үчүн абдан маанилүү эле. Эгерде Алла таала каалабаса, мен бул жеңишке жетпейт элем. Бирок, Кудайга шүгүр, мен атаандашымды жеңе алдым. Жеңишке жетип, медалдын ээси болгонумду аңдаганымда, мен өзүмдү ушунчалык бактылуу сезгендиктен ыйлап дагы жибердим. Андан соң Олимпиада оюндарына даярдаган Түштүк кореялык машыктыруучума жүгүрүп барып, аны кучактадым.

Ошол бактылуу мүнөттөрдө кандай сезимдердин туткунунда калганын сүрөттөп берген Некпа 21 жашта. Ал Иранда ооган качкындарынын үйбүлөсүндө жарык дүйнөгө келген. Некпа 10 жашар кезинде агасынын таэквондо менен машыкканын көрүп, ошондон тарта ага кызыга баштаган. Бирок 2004-жылы гана Некпанын үйбүлөсү Ооганстанга кайтып келип, Кабулда отурукташып калганда гана, анын спорттун бул түрүнө баш-оту менен кирүүгө мүмкүнчүлүк түзүлгөн. Жыл айланбай Некпа Ооганстандын улуттук командасына кабыл алынган.

Ооган спортчунун айтымында, акыркы алты айда машыгуулар өтө оор болгон. Мындан сырткары ооган улуттук командасы эки ай Түштүк Кореяда машыгуудан өтүп келген. Некпа ооган спортчуларынын түйшүктөрү тууралуу буларды айтат:

- Ооганстандык спортчулар үчүн бир топ көйгөйлөр бар. Аларга спорттук шаймандар жетишпейт, таймаштарга катышкандарга өтө аз акча төлөнөт. Биз мына ушундай көйгөйлөргө карабастан, жеңишке жетүү үчүн абдан көп эмгектендик. Биз Олимпиада оюндарына илинип калууга үмүттөнгөн элек. Мына эми биз Ооганстандын тарыхындагы алгачкы Олимпиадалык медалга ээ болдук.

Некпа коло медалга ээ болгондон кийин ага ооган президенти Хамид Карзай телефон чалып, жеңиши үчүн жаңы үй берилерин убада кылган:

- Таймаш бүтүп, мен медалга жеткенден кийин мага президент телефон чалып, экөөбүз сүйлөштүк. Ал менин медалга ээ болгонума абдан кубанды. Куттуктоо сөзүн айткан соң, президент ооган эли менин жеңишим үчүн абдан бактылуу болгонун белгиледи.

Бирок Некпа мына ушул жеңиши менен токтоп калууну каалабайт. Бээжиндеги Олимпиадада коло медалга ээ болгон Некпа 2012-жылы Лондондо өтө турган Олимпиада оюндарында алтын медал алууга умтулмакчы:

- Менин бир нече кыялдарым бар. Мен өлкөм – Ооганстан үчүн баатыр болом деп үмүттөнөм. Алла тааланын жардамы менен төрт жылдан кийин боло турган кийинки Олимпиада оюндарына өтө катуу машыгам. Ошол оюндарга катышып, Ооганстанга алтын медал менен кайтууга үмүт артам.

Бээжинден Кабулга кайтканда ооган эли Некпаны баатыр катары тосуп алары талашсыз. Кошумчалай кетсек, өлкөнүн Олимпиада комитети коло медал үчүн 10 миң доллар сыйлык убада кылган.

24-августта Кытайдын ордо шаары Бээжинде 2008-жылкы Олимпия Оюндарынын жабылыш аземи өттү. Азем учурунда Олимпиаданын туусун 2012-жылкы Олимпиаданы тосо турган конок ээси – Лондондун өкүлдөрүнө тапшыруу жөрөлгөсү болду.
XS
SM
MD
LG