Курулуш жана архитектура агенттигинин мурдагы башчысы Ишенбай Кадырбековдун камактагы мөөнөтү бүгүн аяктайт. Ошондуктан, анын иши бүгүн Ленин райондук сотунда каралары күтүлүп жатат. Бул тууралуу Коммунисттер фракциясынын Нарындан шайланган депутаты Гүлжамал Султаналиева билдирди. Кадырбеков кызматынан кыянаттык менен пайдаланды деген негизде апрель айынан бери Бишкектеги №1 тергөө абагында отурат. Анын тарапкерлери өткөн аптада баш коргоо чарасын өзгөртүүнү сурап Нарында ачкачылык акциясын өткөрүштү, ал эми коммунисттер партиясы атайын билдирүү менен чыкты. Каржы полициясы Кадырбековго каршы Кылмыш кодексинин беш беренеси боюнча иш козгогон. (BuS)