Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:41

11:50 Бишкекке КМШнын эл аралык авиациялык комитетинин өкүлдөрү келишти


Бул үюмдун өкүлдөрү КМШ алкагындагы келишимдерге ылайык келишип, 24-августта Бишкектин жанындагы авиакырсыктын себептерин иликтөө боюнча техникалык комиссия түзүлдү. Комиссияны Леонид Каширский жетектеп, анын курамына Кыргызстандын жарандык авиация департаментинин жана аталган эл аралык комитеттин адистери кирди. Бул комиссия негизинен күйүп кеткен учактагы “кара кутуларда” жазылып калган үндөрдү чечмелөөнүн үстүндө иш жүргүзөт. “Кара кутулар” бүгүн бул комиссияга берилип, алар аны эртең Москвага алып кетишет. Иликтөөнүн жыйынтыгы 31-августка чейин чыгып калышы ыктымал. Бул тууралуу “Азаттыкка” жарандык авиация департаментинен билдиришти. Учактын “Кара кутусунда” экипаждын сүйлөшүүлөрү жана башка маалыматтар жазылат. Андагы маалыматтар негизинен учак кырсыкка кабылган учурда анын себептерин иликтөө үчүн колдонулат. (SM)

XS
SM
MD
LG