Кыргызстандын түндүгүндө жашаган айрым уруулардын Россия империясынын курамына кабыл алынышы мындагы саясий маанайды түп тамырынан өзгөрткөн. Мурда мындай өнөктүктөн шек санаган уруу башчылары, эми империяга кириш үчүн өздөрү аракет кылышып, орус аскер жетекчилиги менен мамиле курууга жетишишкен. Заилийск аймагындагы аскер командачысы, полковник Циммермандын билдирүүсүнө караганда орус аскерлери 1860-жылдын 26-август күнү Чу өткөөлүнөн кечип, Токмокту карай багыт алышкан. Токмоктогу чептен алар менен сүйлөшүү жүргүзүш үчүн эки адам келген. Полковниктин айтымында чептен келген эки сарт, Пишпек коменданты Атабек даткадан жооп алганга чейин эки күн убакыт бериңиз деп жалбарган. Сүйлөшүү натыйжасыз аяктап, орус аскерлери Кокон хандыгынын Токмоктогу чебин камакка алышкан. Орус аскерлеринин согуш аракетине кыргыздар жардам көрсөтүшүп, Токмок чебине жасалган чабуулга «Сары багыш уруусунун башчысы Жантай манаптын уулу катышкан», деп кабарланат орус архивдик материалдарында.
Кыргыз областтык ВКП (б)сы 1932-жылдын 26-августунда «Мугалимдердин айлык маянасы боюнча карыздар жана аларды камсыздоодо орун алган өксүктүктөр туурасында» Токтом кабыл алды. Партия Обкому буга чейин мугалимдердин айлык маянасына байланыштуу кабыл алынган чечимдер аткарылбай келгендигин белгилеп, жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө жаңы окуу жыл башталганга чейин алардын муктаждыгын чечүүгө жаржамдашууга чакырган.
Акын жана жазууучу Жоомарт Бөкөнбаевдин «Ким кимдин ырын ырдайт» аттуу макаласы «Советская Киргизия» гезитинин 1933-жылдын 26-август күнкү санына жарыяланган. Макалада байыркы баатырлар менен дастандык каармандарды даңазалаган эски ырлар ордуна, эмгек-ударниктеринин жетишкендигин жар салган жаңы ырларды жаратуу зарылчылыгы белгиленет. Ж. Бөкөнбаев замандаш акындарга, байыркы баатырлар дей бербей, андан гөрө Орто Азия ВКП (б) Борбордук комитетинин биринчи катчысы жолдош Бауман туурасында чыгарма жараткыла деген чакырык таштаган.
Өз маалында Орто Азиядага жападан-жалгыз адистешкен магазин эсептелген «Миң түркүн» сода түйүнү 1978-жылдын 26-август күнү миллионунчу кардарды тейлегендигин билдирди. Миллионунчу кардарга электрик самовар белекке берилип, атайын күбөлүк тапшырылган. Кыргызстан менен Кытай Элдик Республикалары ортосундагы чегара маселесин тактоо узак жылдарга уланып, акыры талаш участкалар боюнча эки тарап консенсуска келишкен. Айрыкча, Үзүнгү кууш участкасы боюнча өзүнчө келишим долбоору даярдалып, кыргыз-кытай чегара маселесинин чечилишине жол ачылган. Кытай Элдик Республикасынын төрагасы Цзянь Цземиндин Кыргызстанга жасаган визит маалында, 1999-жылдын 26-август күнү аталган келишимге кол коюлган. Адистердин айтымында Үзөнгү кууш учаскасы боюнча жетишилген келишимдин натыйжасында, Кыргызстан менен Кытай ортосунда орун алган 150 жылдык чегара талашына чекит коюлган.