Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:32

14:10 Ооруканадагы ирандык жарандардын баары мекенине жөнөтүлүүдө


Бул тууралуу “Азаттыкка” травмотология жана ортопедия илим изилдөө борборунун башчысы Сабыр Жумабеков билдирди. Анын айтымында, ооруканада жаткан ирандык 11 жарандын баары иран тараптын суранычы боюнча ооруканадан чыгарылып, “Манас” аба майданына жеткирилди. . Сабыр Жумабековдун айтымында, ирандык жарандардын жетөөсү ооруканага эс-учун жоготкон абалда түшкөн, азыр баарынын абалы жакшы, башкача айтканда жолдо жүрүү алардын өмүрүнө коркунуч туудурбайт. Иран тарап өз жарандарынын өмүрүн сактап калган кыргыз дарыгерлерине ыраазычылык билдирүүдө.(SM)

XS
SM
MD
LG