Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:11

ӨЛКӨ ЖАҢЫ МУУНДУН САЯСАТЧЫЛАРЫНА ЧАҢКАП ТУРАТ


“Белый парус” гезити “улут маселеси” деген рубрика алдында журналист Садырбек Чериковдун макаласын басты. Бардык дүйнөлүк кудуреттүү өлкөлөргө жагам дей берип, Курманбек Бакиевдин алысты көрө албаган саясаты өз жүзүн өтө ылдамдык менен жоготуп баратат деп белгилеген автор, бүгүнкү кыргыз саясаты кечээки акаевдик саясаттын одоно, орой, олдоксон түрүндөгү уландысы экенин, ушу тапта “Кыргызстанды өнүктүрүү стратегиясы” деген нерсе кызуу талкууланып жатканын, ал бир кездеги эле Акаевдин “Өлкөнү өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясы” дегенин эске саларын, бүгүн өлкөдөгү көрсөткүчтөрдүн баары 2005-жылдын мартына окшош болгон менен эл такыр башка экенин, эл саясатчылардын эки жүздүүлүгү менен акмактыгына тоюп бүткөнүн, бүгүн аны Кыргызстанды ким башкараганы да кызыктырбастыгын, болгон тилеги өз арбайын өзү согуусуна гана жогор жак жолтоо болбошун кааларын, дал ушул жагдай К. Бакиевди да канааттандырарын, анткени карапайым эл эбактан бери эле өзүнчө, эл бийлегендер өзүнчө жашап калганын, болгону биринчиси берип турса, экинчиси тигинин бергенин алып турарын, ошентип бу кезде жакшы иш, жакшы идея, жакшы ой дегендер текейге да турбай, жашоо жалаң пара менен өлчөнүп калганын, ошондуктан Кыргызстан саясатчылардын жаңы муунуна чаңкап тургандыгын, бүгүн эски адаттардын, жалганчылык менен жанкечтиликтин дарты жукпаган, таза, билимдүү, бүтүндөй акыл-эсин Кыргызстандын, анын элинин эртеңки келечеги, жакшы жашоо-турмушу үчүн арнагсы келген жаштар келбесе жакшы жакка жылыш болбой тургандыгын жазды. Көпчүлүк жарандардын итиркейин саясатчылар менен эл башкаргандар кетирип бүттү. Анткени алар кадыр-баркын да элден жыйнап, эл эсебинен күн көрүп, колдон келсе саясатта да, бийликте да көбүрөөк олтурууну гана самайт, ал эми эл менен жер өзү кеткенден кийин маадемектен кыямат кайым болуп кетсе да мейли. Кыскасы толугу менен имптенттерге толду. Андан да эң жаманы дал ошол импотенттер өлкөнү өткөндүн сазынан чыгаргысы келбей мыкчып жаткандагында болуп атпайбы деп баяндады.

Ушул эле гезит премьер-министр И. Чудинов менен интервью жарыялады. Өкмөт башчысы айыл чарбасын колдоо үчүн казынадан жарым млрд. сом бөлүнүп, ага 10 миң тонна солярка, үрөн, жер семирткич, трактор жана башка шаймандар сатылып алынганын, өткөн жылдын ушул мезгилинде 364 миң тонна эгин жыйналса, быйыл 500 миң тонна эгин жыйналнганын, буюрса бул жылы 800 миң тонна эгин жыйналарын, ал эми 2010-жылга чейин ал 1 млн. тоннага жетерин, республиканын жылдык керектөөсү 1,2 млн. тонна экендигин айтты.

Айыл чарба темасына кайрылган “Кыргыз туусу” гезити ардагер журналист Расулберди Маметовдун “Акималиевдин айтканы чын...” деген аталыштагы макаласын сунуш кылды. Автор акыркы мезгилдерде массалык маалымат каражаттарында эгин боюнча чечилбеген проблема жок, сугат жерлеринин ар гектарынан 35-45 центнерден түшүм алып жатабыз, өлкө боюнча 800 миң тонна буудай жыйналат деп жазып, сүйлөп атышканын, бирок буга күмөнү барын, чындыгында айтылган цифралар алынган түшүм менен дал келбестигин, анткени эгин аянттары саржан менен өлчөнбөстүгүн, түшүм таразага тартылбастыгын, азыркы учурда айрым айыл өкмөттөрүндө тарта турган тараза да жоктугун, баары көз болжол менен өлчөнүп, көз болжол менен отчет берилип келатканын, тилекке каршы муну караган бир дагы мекеме, уюм жактугун айтып кейиген.

Гезит ошондой эле Кытайдагы “Тил жана котормо” журналынын башкы редактору, илимпоз Макелек Өмүрбай уулу менен аңгеме курган. Макелек Өмүрбай Кытайлык кыргыздардын бул журналы 24 жылдан бери карай үзгүлтүксүз чыгарып келатканын, ошону менен бирге эле азыр кытайлык манасчы Жусуп Мамайдын “Манасын” кытай тилине которуу башталганын, 5 жыл ичинде манасчынын 223 миң саптан турган сегиз бөлүмү толук которулуп, басмадан чыгарын, Жусуп Мамай аксакал быйыл 90 жашта экенин, карыяга кытай өкмөтү кай жерде жашайм десе ошол жерге каалаганлдай шарт түзүп берип, эң жогорку маяна менен камсыз кылганын, ага “Кытай мамлекетинин “элдик каухарды сактоочу” деген даражалуу сыйлыгы да ыйгарылганын, ал сыйлыктын артындагы акчасы да жакшы экендигин кеп кылган.

Булардан тышкары баяндама жасалган үч гезит тең 1-беттерин Кыргызстандагы авиакырсыкка арнады. “Кыргыз туусу” гезити биринчи бетин “Бүгүн каза болгондорго аза күтүү күнү” деп жазса, “Белый парус гезити бул окуяны “Кыргызстандын трагедиясы” деп атады”. “Комомольская правда Кыргызстанa” гезити “Боинг 737-нин Бишкектеги өлүмүнүн сыры” деген аталыш менен санын ачты.
XS
SM
MD
LG