Академик Тургунбай Садыков атындагы Улуттук көркөм сүрөт академиясынын алдындагы Баткен облустук көркөм сүрөт жатак-мектебинде окуган окуучулардын 15ден ашуун ата энелери 26-август күнү Баткен облустук акимчилгине аталган жатак мектептин имарат маселесин чечип берүү талаптарын коюп келишти. Облустук көркөм сүрөт жатак -мектебинин директору Ибрагим Калбердиевдин "Азаттыкка" берген маалыматына ылайык, учурда жергиликтүү жетекчилер облустун борборунда имараттын жоктугуна таянып жаңы окуу жылынан мектеп жетекчилигине, Кадам Жай районуна караштуу Масалиев айыл өкмөтүндө орун алган имаратты сунуштоодо. Ал буга ата-энелердин дээрлик бөлүгү жолдун алыстыгы жана шарттардын бейкамсыздыгын айтышууда. Ата-энелер комитетинин мүчөсү Светлана Сунчелееванын айтымында, облустук жетекчилик Баткен шаарында имараттарды таап берсе болот эле, болгону бийлик бул мектепке кызыкдар эместигин билдирүүдө деген оюн айтып, 1-сентябрда көркөм өнөр мектебинде окуган 14 жашар кызы Ольга билим алуу мүмкүнчүлүгүнөн ажырап калат деген тынсыздануусун билдирди. (SA)
16:40 Баткен облустук көркөм сүрөт жатак-мектебинин имарат маселеси эки жылдан бери чечилбей келет