Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:30

Т.АКУН: КЫРСЫККА УЧУРАГАНДАРДЫН ЖАКЫНДАРЫНА ЖАРДАМ КЕЧ УЮШТУРУЛУП КАЛГАН


Маектешкен Аманбек Жапаров, Бишкек Кырсыкка учураган Боинг-737 учагындагы токсон жүргүнчүнүн алтымыш беши жарылуудан кийин каза болгон. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин куткаруучулар тобу күйүп кеткен сөөктөрдү Бишкектеги Соттук-медициналык экспертизалык бюросуна жеткиришкен. Ал жерде сөөктөрдүн ким экендиги аныкталгандан кийин туугандарына берилет. Кыргызстандын Акыйкатчысы Соттук-медициналык экспертизалык бюродо болуп, каза болгондордун жакындары менен жолугуп кайткандан кийин “Азаттыктын” таңкы обосунда сөз куруп берди.

“Азаттык”: - Соттук-медициналык экспертизалык бюросуна жеткирилген сөөктөр боюнча жагдайга токтоло кетсеңиз?

Т. Акун: - Биринчиден, биз барганда өлгөн адамдардын туугандары - жүздөгөн адамдар эшикти сагаалашып турушкан экен. Ошолор менен жолугуштук. Анан ошол жерден “Кызыл жарым ай” коому чатыр шаарчасын уюштурушкан экен. Ага чейин андай шарт болгон эмес, мамлекет тарабынан дагы эч нерсе түзүлгөн эмес экен. ошол “Кызыл жарым ай” коому суу таратып, психологдорду алып келип аябай көп иштерди жасап атат. Биз соттук-медициналык экспертизалык бюронун башчысына кирдик. Ал жерде эки топ иштеп жатат дейт. Ар бир топко сегиз эксперт, алты лаборант кирип, бардыгы 14 киши бар экен. Бул эки топ күнү-түнү иштеп жатыптыр. Болгону кырктай гана өлүк аныкталып, дагы жыйырмадан ашуун сөөк бар экен. Бүгүн бүтөбү-бүтпөйбү так эмес, бүткөндөн кийин дагы татаал көп нерселери бар дейт. Азыр кээ бир кишилердин аялбы, эркекпи билинбей калган жактары бар да. Эшиктеги адамдар болсо ыйлап отурат, кимиси ооруканада, кээси өлдү, көбү билбейт. Мына ошонун баарын биз тактап, туура түшүндүрүп, көз жашын сүртүп, бир катар иштерди кылып атабыз.

“Азаттык”: - Сиздер 4-ооруканадагы жаракат алгандар менен да жолугушкан экенсиздер. Ал эми соттук-медициналык экспертизалык бюросуна жеткирилген, күйүп кеткен сөөктөрдүн жагдайлары кандай экен?

Т. Акун: - Омбудсмен катары сөөктөрдү көрсөңөр болот дешти. Ошол эле учурда киргенден кийин иштеп аткан адистердин тобуна тоскоол гана болосуңар дешкенден кийин кирүүгө мүмкүнчүлүк болгон жок.

“Азаттык”: - Бул мекеменин эмне кем карыштары бар экен?

Т. Акун: - Алар кем карыштар жок деп айтышты. Азыр колдон келишинче сөөктөрдү бөлүш керек экен. Өзгөчө кырдаал министрлигинин куткаруучулары сөөк салынган 65 кап алып келишиптир, бирок кээ бир каптарда сөөктөрдүң жарым жартылайы болуп калышы мүмкүн экен. Ошон үчүн сөөктөрдүн жарымы Иранга кетсе, жарымы бул жакта калып калса анан кандай болот. Ошон үчүн алардын баары толук таанылмайынча ирандыктардын сөөктөрү берилбейт дешти.

“Азаттык”: - Негизинен жабыр тарткан адамдардын жакындарына психологиялык жактан жетиштүү жардам көрсөтүлбөй жаткан турбайбы?

Т. Акун: - Көрсөтүлбөй аткан экен, анан биз баргандын алдында “Кызыл жарым ай” жана “Кызыл чырым” чатырларды коюп, психолог-дарыгерлер иштеп, кичинеден иш башталыптыр. Тилекке каршы, мындай иштер кичине кечирээк башталып калган. Ошого ал жердегилер нааразы болуп жатышат. Жабырлануучуларга компенсация төлөп берилеби, мамлекет тарабынан кандай жардам берилет, авиа компания кандай колдоо кылат деген сыяктуу көп суроолор бар.

“Азаттык”: - Маегиңизге рахмат.

XS
SM
MD
LG